super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри Ысык-Көлдө сел жүргөн аймакка барды 

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл районундагы сел катталган аймакка барды.
Министр ал жерде тез арада калыбына келтирүү иштерин күчөтүү тапшырмасын койду. Ошондой эле жарандардын коопсуздугу үчүн бардык жумуштарды сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи.
Министр аймактагы абалды жеке көзөмөлдөп жатат.
ӨКМдин соңку маалыматтарына караганда, селдин кесепетинен жабылган Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу бүгүн түнү эки тараптуу ачылган. Буга удаа таш аралаш ылай басып калган эки жарандын биринин сөөгү табылды. Экинчисин издөө-куткаруу иштери жүрүүдө.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: