super.kg logo

Филармониядан чыккан өрт 4 сааттан бери өчө элек

 

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда чыккан өрт 4 сааттан бери өчө элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдиргенине ылайык, өрт чектөөгө алынганы менен толук өчүрүлө элек. Саат 12:15 чамасында чыккан өрт саат 14:00дөрдө чектөөгө алынган. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 11 унаа тартылган.

"Азыркы тапта өрт өчүрүүчү бригадалар өз ишин улантууда. Өрт башталгандан кийин 2 сааттан соң чектөөгө алынган. Бирок азыр толугу менен өчүрүлө элек. Өрттүн себептери такталууда", - деп билдирди маалымат катчы.

Айта кетсек, бүгүн, 30-августта саат 12:20да өрт өчүрүү кызматына Улуттук филармониянын имараты күйүп жаткандыгы тууралуу чакыруу келип түшкөн. Филармониянын кызматкери өрт башталганда имараттын ичинде болгондугун SUPER.KG'ге айтып берген. Ал эми ӨКМ кырсыктан жабыр тарткандар жок экенин маалымдаган.






Улуттук филармониядан өрт чыгып, музыкалык аспаптар күйүп кетти

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
30.08.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Филармониянын орду бирөөгө керек болгон го,же башка жакка которулат филармония.Атамбайып кылбады бекен деп ой келип жатат да менде,эртең эгемендик майрамга да келбейт экен аянтка.
30.08.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбековго каршылар кылып жатат да тынчын алып шаштырып
SUPER.KG видео
31.08.2018. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын кун болбосо же эмнеден чыкты?? Уят ак жайдын куну килтейген филармония орттонсо??дагы бир жегич ойлонуп койсо керек хорошо ёще эртереек кышта иштегендер кайда барат эле??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: