Тоноочулукка шектелген жаран милиция тарабынан кармалды (видео)
Бүгүн, 4-ноябрда тоноочулукка шектелген жарандар милиция кызматкерлери тарабынан кармалышты. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 19-октябрында саат 23:00 чамасында Рыскулов көчөсүндө белгисиз адамдар анын колунан Google Pixel 10 Pro XL үлгүсүндөгү, баасы 110 200 сом турган уюлдук телефонун ачык түрдө жулуп алып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Н.Т. жана 1996-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар аныкталып, кармалганы маалым болду.
Шектүүлөр Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы маалым болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















