21 миң долларга алдап… Бишкекте жалган прокурор аныкталды
Бишкекте өзүн прокуратуранын полковниги деп тааныштырган аял 21 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, 1988-жылы туулган Э.У. аттуу аял жабырлануучудан мейманкана ачууга, кызын Кембридж университетине киргизүүгө, батир алууга жана Түркияга арзан жолдомо алып берүүгө убада берип, 21 миң доллар алган. Ошондой эле ал прокуратуранын полковнигинин формасын мыйзамсыз кийип жүргөн.
Милиция кармалган жаран прокуратуранын кызматкери эместигин билдирип, тинтүү учурунда кызматтык кийимдер табылганын кошумчалады.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















