super.kg logo

Кырчын жайлоосундагы жаңы дааратканалардын абалы кызуу талкуу жаратууда

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосуна курулган дааратканалардын абалы социалдык тармакта кызуу талкуу жаратууда.

Интернет колдонуучулары дааратканалардын азыркы таптагы мышык ыйлай турган абалын сүрөткө тартып, жарыялаган. Сүрөттөрдөн жаңы курулган даараткананын ичинде булганган кагаздардын, желим бөтөлкөлөрдүн башаламан ташталганын көрүүгө болот. Алтургай даараткананын полуна төшөлгөн линелиум кагазы эмитен сыйрылып, жаңы ажатканадай көрүнбөйт. Дагы бир маселе - даараткананын ичине кагаздар, кол жууганга самын жана абаны жыттандыргычтар коюлган эмес.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата дааратканаларды жасап, орноткон. Бул иштин жалпы баасы 2 миллион 301 миң 700 сомго бааланган. 5 орундуу контейнер тибиндеги бир даараткананын баасы бардык чыгымдарды эсепке алганда 287 миң 718 сомду түзгөн. Ошондой эле кошумча жыгачтан жасалган 20 даараткана орнотулары айтылган.



кошулду





Кырчынга 2,3 миллион сомго орнотулган дааратканалардын абалы сынга алынды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(34)
31.08.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул дааратканаларды кургандан көрө карыздан кутулуш жолун издеш керек керек емес дааратканалар
31.08.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фууу десе,тазалыкты сактоонун эн жонокой функциясын аткара алышпайт....Чет элдик жарандар эмес,Кыргызстандын жарандары киргенге мумкун эмес!!Создун кыскасы Баракелде!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: