Рыспаев: "Акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов эринбей программасын эки барак кылып жазып койсо болмок"
Бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына Токон Мамытовдун талапкерлигин көрсөтүү чечимин кабыл алды.
Жыйында депутат Кожобек Рыспаев акыйкатчы кызматына талапкер Токон Мамытов эринбей программасын жазып койсо болмок деген пикирин айтты.
"Токон Мамытов менен "Ар-Намыс" фракциясында бирге иштегенбиз. Партиялаш болгонбуз. Бул киши ушунчалык бактылуу, жолдуу адам. Мамытов кызматтан четте кала элек. Ал ушунчалык тажрыйбалуу болгондон кийин программасын жазып койсо болмок экен. Канатбек Азиз деген талапкердин программасын "Ата Мекен" таратып берди. Анын программасы жүйөлүү экен. Мен фракциялаш кесиптештеримдин оюнан чыкпайм. Бирок Мамытов тажрыйбалуу деп КСДП фракциясы көрсөтүп жаткандан кийин эки баракка өзүнүн программасын эринбей жазып койсо жакшы болмок. Ал тажрыйбасына таянып "мен бул жумушта жөн эле иштейм" деген ойдо болсо керек. Колдоп берели. Бирок кесиптештерим айткандай, бул кишинин пенсияга чыгуу убагы жакындап калган. Ал кандай болот? Кайра бир же эки жылдан кийин бул маселе көтөрүлбөйбү деген ойдобуз", - деди ал.
КСДПнын жыйынында Дастан Бекешев, Мухтарбек Айнакулов Токон Мамытовдун жашы пенсияга чыгуу убагына келип калганын айтышкан.
Рыспаев: "Токон Мамытов эринбей программасын жазып койсо болмок"


