super.kg logo

Күздө келген кыш. Ак карлуу Бишкектин бийиктиктен көрүнүшү (фото, видео)

 

Күркүрөгөн күз мезгилинин дал ортосунда Кыргыз өлкөсүнүн көпчүлүк аймактарында кар жаады. Кечээ, 16-октябрда жаап баштаган кар Бишкек шаарында азыркы тапта да жаап уланып жатат.

Кар жалбырактары толук түшүп бүтө элек бак-дарактарды, гүлдөрү күүлүп түшө элек клумбаларды басып калды. Алар да жаратылыштын бул көрүнүшүнө моюн сунгансып ийилип турушат. Жашоочулар жылуу кийимдерин кийип, кадимки кышкы көрүнүш орун алды.

Ак кар баскан айланага айрымдар суктанып, сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп жаткан болсо, "Тазалык" ишканасынын жумушчуларында иш кызуу башталды. Бүгүн баш калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн миңдей жумушчу ишке тартылган.

Абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу шаар бийлиги эртең, 18-октябрдан тартып жылуулук берилет десе, синоптиктер келе жаткан жумада абанын температурасы +12, +16 градуска чейин көтөрүлөрүн билдиришти.


кошулду





Күздө келген кыш. Бишкектеги ак кар баскан имарат, бак-дарактардын бийиктиктен көрүнүшү

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
17.10.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айылдагылар не болду экен? Жыйынып алды бекен деги....
18.10.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Pandora,жок да ошо, жыйын терин толук буто элек болчу, алмаларыбыз карда калды, ушук алды
17.10.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алмасы терилбей калгандар бар элееее...
17.10.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баткенде да кыш свет жок суук, деги түшүнбөйм кышка даярдык деп жазында эмне кылышат РЭСте иштегендер? Кичине шамал болсо эле свет өчө берет.
Медиа-портал
17.10.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргызстаныбыз качан онугот, качан чондор жегенди токтоткондо гана бы же элдин таркылыгы дагы алдыдабы
18.10.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвада болсо кун жылуу аба ырайы алмашканбы дейм
18.10.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крайный северге эми кар жаады,биерге караганда Кыргызстанда кар көп жааптыр.Кызык!
Бардык нерсе Аллага маалым
18.10.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылда алмалар терилбей карда калды.Бак дарактар сынып зымдар узулуп 2кундон бери свет жок отурабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: