super.kg logo

Уулунун атын Макгрегор деп койгон ата: "Баламдын атын айтуудан кыйналгандар аны Марлен деп коюшат"

 
Макгрегор Алибеков ушул жылдын июнь айында төрөлгөн

Интернет желесинде Макгрегор аттуу баланын жалпы жарандык паспортунун сүрөтү тарап, социалдык тармактардагы кызуу талкуу дагы деле басаңдай элек. Сүрөттөгү маалыматка ылайык, баланын аты-жөнү - Макгрегор Алибеков. Ал ушул жылдын 19-июнунда Орусияда төрөлгөн. SUPER.KG порталы бөбөктүн атасы, Тимур Алибеков менен байланышып, чакан маек курду.

- Саламатсызбы? Интернетте уулуңуздун паспортунун сүрөтү тарап, талкууга алынып жатат. Эмне себептен уулуңузга өзгөчө ат коюуну чечтиңиз?

- Саламатчылык. Өзүбүз Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болобуз. Көп жылдан бери Москва шаарында ашпоз болуп эмгектенип келем. Бир топ жыл балалуу боло албай жүрүп, уулдуу болсом өзгөчө, элде сейрек кездешкен ат коём деп кыялданып койдум эле. Тилегим кабыл болуп уулдуу болдук. Кандай ат койсом экен деп ойлонуп жүрүп, 2-3 жылдан бери беттештерин калтырбай көрүп келе жаткан мушкер Конор Макгрегордун ысымынан коюуну чечтим. Макгрегордун бир гана беттештерин эле эмес, күнүмдүк жашоо-турмушуна да кызыгып, окуп турам. Менин жеке оюм боюнча, Конор спортчу катары гана эмес, ишкер катары да, жашоо образы менен да көпчүлүккө үлгү боло алат. Ошол себептен баламдын атын Макгрегор койдум.

- Эмне үчүн уулуңузга Конор деп эмес, Макгрегор деген ат койдуңуз? Бул ирландиялык мушкердин фамилиясы да?

- Конор деген ат Европада кеңири тараган ысымдардын катарына кирет. Мындан сырткары Конор аттуу башка дагы бир нече спортчулар бар. Ал эми Макгрегор деген ысым сейрек кездешет. Бул атты Англияда илгери падышанын гана туугандары ала алышкан. Башкалар уруксаты жок Макгрегор деген ысым ыйгарып алса, өлүм жазасына тартылган деген кепти уккан жайым бар. Аталган ысымды жөнөкөй жарандар колдонууга 1 кылым мурда гана уруксат берилиптир. Ирландиялык мушкердин атын эмес, фамилиясын балама ыйгаруумдун себеби дал ушунда.

- Макгрегор деген ысым койгонуңузду жакындарыңыз кандай кабыл алышты?

- Апам дароо эле макул болгону менен атам, туугандарыбыз "ушундай да ат болобу" деп башында каршы болуп жатты. Досторум да өзгөчө ат экен деп аябай таң калышкан. Азыр баары көнүп калышты. Жубайыма болсо, тескерисинче, уулубуздун аты аябай жаккан. Ал кандай маселе болбосун ар дайым мени колдоп, коштоп турат. Макгрегор деп айтуудан кыйналгандар жөн эле Марлен деп алышкан.

- Уулуңуз азыр жаныңыздабы? Чоңойсо спортчу болсо деген ниетиңиз барбы?

- Келинчегим менен уулум азыр айылда. Чоң ата, чоң энеси менен бирге. Жакында Москвага келүүгө камынып жатышат.

Уулум чоңойсо сөзсүз түрдө аны спортко катыштырам. Бирок эрежесиз уруш менен алектенүүсүн каалабайм. Анткени спорттун бул түрү коркунучтуу жана жаракат алып калуу ыктымалдуулугу көп. Боксчу болсо же эркин күрөш менен машыкса деген тилегим бар. Анан профессионал спортчу эмес, өзүнүн ден соолугу үчүн гана спорт менен машыгуусун каалайм.

- Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешинде кимге күйөрмандык кылдыңыз?

- Конордун беттештерин 2-3 жылдан бери калтырбай көрүп келем. Анын беттештери ар дайым Москва убактысы боюнча таңкы саат 4-5терде болот. Уктабай көрөм, ушул аралыкта бир да беттешин өткөрүп жибере элекмин. Албетте, Хабиб менен болгон беттеште да Конорго жан тарттым. Тилекке каршы, мен жан тарткан мушкер утулуп калды. Ал беттештин айынан букмекердик компанияларга бир аз акча да уттуруп жибердим. Бирок тандоомо өкүнгөн жокмун. Макгрегор жеңсе да, жеңилсе да мен ар дайым ага күйөрмандык кыла берем.


кошулду





Макгрегор Алибеков беттешке даярданып жатат

Уулуна Макгрегор деп ат койгон ата: "Балам чоңойгондо спортчу болсо дейм"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(37)
21.11.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Хабиб койсо жакшы болмок деп ойлоймун
21.11.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
dastan_nookat, ХХХХХХХХХ кое беришсин.....
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-21 14:59:32
21.11.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze2, ар бир колдонуучу эрежелердин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Жеке айтышууларга тыюу салынат!
22.11.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
dastan_nookat,Вот именно Хабиб койсо колдоп коштоп жан тартмаксынар! Кыргызча атпы,башкасыбы,журум-турумун чукуп отурбай!Кандай адамсынар такыр тушунбойм, бала сеники эмесго, ишин эмне дейин десе мен конул кош болбойм деп дагы эзилесинер!Бала аябай ширин экен омуру менен берген болсун!Марлен деген аты да бар экен,буйруса Кыргызстан желегин желбиретчу спортчулардан болот деп ишенем!Сынчылар аман эле болгула!
21.11.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аман эле бол китептен ат койсон ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-21 15:01:15
21.11.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Паспортту 3 жылдык мөөнөт менен берилеби билгендер болсо жазгылачы.
21.11.2018. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ermekbai,ооба 3жылдык берет.
21.11.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Коп соз жазгым келип жатат супер инфо баары бир чыгарбайт да
21.11.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Наристелерге качантан бери паспорт бериле баштаган?! Мен эми угуп билип жатам...
21.11.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Frunze2, загран паспорт берилет
21.11.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Frunze2,Naristeler 3 ailik bolgondon bashtap samoletko tushso bolot demek 3 aidan bashtap ala alat
21.11.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Frunze2,Бакиевдин убагында эле берилчу.мен ошол кезде эле алгам. Бирок ар 3жыл сайын алмашуу керек.
21.11.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Макгрегор деген бул фамилия биринчиден,экинчиден ал мушкер улгу боло турган эч нерсеси деле жок.Бейбаш,алькогол менен бизнес кылган,татуировка башынан аягына чейин жана наркоман деп да айтып журушот.Мындайча айтканда мусульман уулу улгу алчу адам эмес.Жаш наристеге омур берсин!А атасы обу жогураак неме окшойт деп койдум!!!
Dembele84 түзөттү 2018-11-21 14:12:14
21.11.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Dembele84, эн туура
21.11.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,атын чыкпаса жер ортто болуптур да эми
22.11.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli,Убагында бироо Титов койгон фамилиясынан обу жоктонуп, кийин баласына эле кыйын болсо керек досторунун алдында фамилиядан ат коюп ат куругансып.
21.11.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атың чыкпаса жер өрттө, дегендей.
Орусияда жүрүп, орус ойундагысын кылат болуптур да.
21.11.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Обу жок катын орсок ууй саайт болуптурда
21.11.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргызча эле ат койо бер наары.
21.11.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekbekei,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазып калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
21.11.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ооббоооо куйдуросунда куйдуросун
21.11.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
улутубузду жоготуп бара жатканыбыз ушул да.......
21.11.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болтойгон сонун наристе экен. Өмүрлүү болсун!Ушундай ымыркайдын үнү ар бир үйдө жаңырсын. Атасы тилек кылды, Алла Таалам тилегин орундатты. Сонун ат, жарашат.
21.11.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озундун атынды да озгортуп конордун атасынын атын кой
21.11.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Abdizhap атангоруууу еми озун атынды Конор деп алмаштыр аялындыда Конордун аялынын атына откор
21.11.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бирок биздин айылда менин кошунам СТАЛИН деген бала бар 1995жылкы
21.11.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иии жаным,шириндигин,коз тийбесин.омурлуу болсун,Атасы жакшы ниет менен коюптур,соз кылгандар оздорунун балдарына кыргызчабы,каалагандай ат койсун,ушул жазып аткандардын деле оздорунун аттары толук кыргызча экенине кумонум бар
21.11.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын
Медиа-портал
22.11.2018. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
menin joldoshum Fransuz, tun balabyzga Ulan dep at koigonbuz,atasy maakul bolup Ulan degen atty aiyabai jaktyryp, soonun en jonokoi kyska i nuska i maaniluu eken degen, al emmi kyzymdyn atyn atasy Lara dep koigon.
Медиа-портал
22.11.2018. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bul ui bulonun obu joktugu korunup turat, sportchunun atyn koiso le oshol adamdai bolup kalchudai elestetip algan goo jee Conor McGregor kelip kazanyna ash salyp beret dep oilodu beken, xexexeeee ushuncha boluptur balanyn Pasportuna McGregor Alibekov dep angliski bukva menen jazdyryp at koiso bolmok eken, kyzykk ele adamdar bar fuuuuuu .
22.11.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХХХ ушул балага ичим чыкпады. Айтуусу боюнча бул ысым ак сооктордун ысымы экен. Ошонун кыргызча маанисинде эле Торокан деп эле койсо болбойбу деймин да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-22 12:03:52
22.11.2018. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шумдугун кургур балан чонойгуча Конорун канчп уят болот али коросун.
22.11.2018. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ай кыргызым ай кыргызым
22.11.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чоңойгондо бала атыдан уялбаса эле.
22.11.2018. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолук каалайм сага,зорго бир уулду болсоз өзүң айтмакчы,анында ысымын ката коюпсун.Уялбадыңбы интервю бериштен,Супер инфо ушулга окшогондордон эмнеге интервю аласыңар,өсуп келе жаткан өспурумдөргө терс таасирин тийгизет
22.11.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Конордон үлгү алсаң анда сен тааптырсың кумир болчу адамды. Өйдө ылдый болгон бир пенде окшойсуң
22.11.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озуда мушкердин аты кайсы фамилиясы кайсы экенин айырмалай албаганго?Башында ошонун атын койом деп качан журналист айтканда анан фамилиясын деп койот.Озу билет да эми баарыбызга белгилуу Атанбай деп койсода жакшы болмок!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-11-22 13:39:34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: