Курултай Жээнбеков менен Атамбаевге баа койду (чечимдердин тизмеси)







Бүгүн, 24-ноябрда Бишкектеги Кыргыз драма театрында коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайы өттү. Анын аталышы - "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Иш-чаранын соңунда курултайдын катчылыгынын мүчөсү Азимбек Бекназаров резолюциянын долбоорун окуду. Добуш берүү аркылуу төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
1) Президент Сооронбай Жээнбековдун 1 жылдык ишине "канааттандырарлык" деген баа берилди;
2) Жогорку Кеңештин ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа берилди;
3) Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа берилди;
4) "Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынсын" деген сунуш колдоого алынды;
5) Саясий тапшырма менен камалгандардын иштерин кайра кароо сунушу тиешелүү органдарга берилет;
6) Жаңы Конституцияны кабыл алуу сунушталды;
7) Паспорттогу "улут" графасын кайтаруу сунушталды;
8) Кийинки курултайды 2019-жылдын 7-апрелинен кийин дайындоо чечилди;
9) 2019-жылды Экология жылы деп жарыялоо сунушталды.
Буга чейин курултайдын башында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев иш-чарада көтөрүлгөн маселелер тыкыр текшерилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынарын айткан.
Иш-чарага жалпысынан 600дөн ашуун адам катышты. Алардын катарында коомдук-саясий ишмерлер Медеткан Шеримкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Кылычбек Султан, Эмилбек Каптагаев, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар болду. Ал эми учурда мамлекеттик кызматта иштегендерден курултайга президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаков, Жогорку Кеңештин депутаттары Канат Исаев, Курманкул Зулушев келишти.
Курултай Атамбаев менен Жээнбековго баа койду





