Бишкекте ыйлап жардам сураган аялды унаасына камап алган таксист кармалды
Бүгүн, 27-ноябрда социалдык тармактарда унаада жардам сурап кыйкырган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар белгисиз аялды унаасына камап алган таксистти жазага тартууну өтүнүшкөн. Учурда видеодогу адам милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, окуянын чоо-жайы аныкталып жатканын SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
"Видеодогу эркек кишинин аты-жөнү аныкталды. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаран экендиги такталды. Учурда ал кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Окуянын чоо-жайы аныкталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, видеону социалдык тармактарга жүктөгөн колдонуучу жардам сурап кыйкырган аял сыртка чыгууга аракет кылып жатканын жазган.
кошулду
Бишкекте унаасына аялды камап алган таксистке "зордуктоого аракет жасоо" менен кылмыш иши козголду
Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Себеби аныкталгыча , ар кандай версиялар болушу мүмкүн .
Азамат бала экен жакшылык кылыптыр биздин ыйык болгон Аял затын колдоп коргоптур.