super.kg logo

Кытайлык кыргыз: “Атам, агам, жеңем үчөөнүн дайыны жок”

 

Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу 1 жарым жылдан бери атасы, агасы жана жеңесинин дайынын билбей келет. Ал жакындары тууралуу “кайра тарбиялоочу лагерде” деген гана кабар алган. Ошондон бери жакындарынын абалына сарсанаа болуп, тынчсызданууда.
Мен 5 жылдан бери Кыргыз жергесинде жашайм. 2017-жылдын июнь айында агамды, сентябрда атам менен жеңемди жүйөсүз “кайра тарбиялоочу лагерге” алып кетишкенин башка жеңем менен кабарлашып уктум. Учурда эркиндиктеги апам же дагы башка туугандарыбыз менен эч кандай байланыш жок. Ошондуктан, ал жакта жагдай кандай экени, лагерлерде канча кытайлык кыргыз бар экенинен кабардар эмеспиз.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мага окшоп жакындарынын дайынын билбей жүргөндөр көп. Бирок ачык айтышса, эркиндиктеги башка туугандары да лагерге алынып кетет деп корккондуктан, бул боюнча үн катпай келишет.
Мен буга чейин жакындарымды “ана чыгат”, “мына чыгат” деген үмүт менен күтүп келгем. Ата-энем менен кат алышпай, алардын дайынын билбей жашоо кандай экенин сөз менен айтып жеткире албайм”,- дейт Малик уулу.
Жусуп Малик уулу Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун Ак-Чий айылында туулуп, өскөн. 2013-жылы Кыргыз өлкөсүнө билим алуу үчүн келген Жусуп Малик уулу 2016-жылы Кыргыз жарандыгын алган.


кошулду





Кытайлык кыргыз: "Кайра тарбиялануучу лагердеги атам, агам, жеңемден 1,5 жылдан бери дайын жок"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Тилек Нуркулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: