super.kg logo

Ырчы Айжамал Кабылова: "Мындан ары жолдошум экөөбүздүн максаттарыбыз, келечегибиз бир"

 

Ырчы Айжамал Кабылова жолдошу Азамат менен элдешкенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал өз билдирүүсүндө мындан 3 жыл мурда ушакчылардын айынан үй-бүлөсү бузулганын жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ырчынын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.

"Ар кимдин күйөөсүн, аялын өзүнө гана кут кылсын! Бул нерсени ачыкка чыгарбай эле коёюн дегем. Бирок кээ бир үйүндө отуруп алып кыларга иши жок, күйөөсүн кызганып отурган айымдарга жооп бергим келди. Ооба, мындан 3 жыл мурда ушакчылардын, акыл үйрөткөндөрдүн айынан үй-бүлөбүз ураган! Бирок биз ал күндөрдү Кудайдын сыноосу деп билебиз. Жаманбы, жакшыбы ал эки баламдын атасы! Мындан ары алдыга койгон максаттарыбыз, келечегибиз бир! Урматтуу айымдар, эч кабатыр болбоңуздар. Менин үй-бүлөмдө баары мурдагыдан да сонун! Күч бирдикте!" - деген ырчы.

SUPER.KG порталы ырчынын жолдошу менен элдешкендигин тактоо үчүн байланышка чыгып, төмөндөгүдөй жооп алды.

"Азырынча эч кандай комментарий бере албайм. Буюрса, Жаңы жылдан кийин толук маалымат берем", - деди Кабылова.


кошулду





Айжамал Кабылова: “Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз, келечегибиз бир”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(38)
06.12.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Эң сонун! Эч кимдин үй-бүлөсү бузулбасын. Балдарыңар менен ынтымакта бир өмүр бактылуу жашыгыла. Адашкандын айыбы жок, кайра үйүрүн тапкан соң дейт беле.
06.12.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Эркекке аял, аялга куйоо табылат бирок балдарга ата эне табылбайт. Туура кылыпсынар жарашып кантседа эки баланар бар. Эч кайсы бала атасыз же энесиз оспосун. Эч качан уй булоо урабасын.
06.12.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызы Айжамалдын копиясы экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: