Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин эмне себептен кармалганын жактоочусу айтып берди
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурганын жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге тастыктады. Анын айтымында, Зилалиев УКМК кызматкерлери тарабынан 7-декабрь күнү Бишкектеги үйүнөн кармалып кеткен.
"Зилалиев 7-декабрь күнү өз үйүнөн кармалган. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, анын кармалышы буга чейин толтурган декларациясына байланыштуу болуп жатат. Себеби УКМК айрым мүлктөрүн декларацияга көрсөткөн эмес деп жатат. Бул эми тергөөдө аныкталат", - деди Каримов.
Жактоочу Каримов Дүйшөнбек Зилалиевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук соту тарабынан аныктала турганын кошумчалады.
Ал эми УКМК Зилалиевдин кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат тарата элек.
Зилалиевге 2017-жылдын 1-декабрында Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо) менен иш козголуп, 2018-жылдын 18-октябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту шарттуу түрдө 3 жылга соттогон.
кошулду
Зилалиевдин жактоочусу ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгонун айтты
Зилалиев Биринчи Май райондук сотуна алып келинди
"Мыйзамсыз байыды" делген Зилалиев 2 айга камакка алынды












1 |