super.kg logo

УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалышы жана ага караштуу делген байлыктары боюнча маалымат таратты

 

Бүгүн, 10-декабрда УКМК мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалышы боюнча расмий маалымат таратты.

Андагы маалыматка караганда, Зилалиев 2011-2016-жылдары мамлекеттик кызматта туруп жеке өзү 2 миллион 541 миң 527 сом, жубайы 408 миң сом киреше тапканын көрсөткөн. Бирок тергөөнүн жыйынтыгында Зилалиевдин башка дагы акча каражаттары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени белгилүү болгон. Тактап айтканда, 2018-жылдын сентябрына чейин коммерциялык банктардын бирине сактап жүргөн 889 миң 900 доллар акчасы табылганы маалыматта жазылат.

УКМК жарыялаган маалыматка ылайык, Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери да бар экендиги аныкталган, бирок ал мүлктөр жакындарынын атында болгон.

"2017-жылдын 17-апрелинде Зилалиевдин жакындарынын бирине Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эки кеңсе имараты катталган. Алып-сатуу келишимине ылайык, имараттын бири 34 миллион сом, экинчиси 19 миллион сом турат.

Ошондой эле ал Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда, жумушу жок жакынына Кыргыз жериндеги алтын казылуучу жана бир канча кен байлыктар жаткан жерлердин лицензиясын каттап койгон", - деп жазылат маалыматта.

Жогорудагы фактылардын негизинде ага 7-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголуп, Бишкектеги үйүнөн кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 9-декабрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.


кошулду





Дүйшөнбек Зилалиев 2 айга камакка алынды

Зилалиевдин жактоочусу ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгонун айтты

"Мыйзамсыз байыды" делген Зилалиев 2 айга камакка алынды

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
Медиа-портал
09.12.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жакшы кылыптыр камасын 110 орунду турмо куруп саналуу 10 депутатты алып калып калган,баарыын камаш керек
10.12.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мындай иштер коп болсокерк
10.12.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Охоо чириген бай экенда. Акчаларын кайтарыш керек мамлекетке
10.12.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 миллион долларга жакын акча. Мындайлар толтура да.Биздин ар бир депутат министрлерди ушундай кармап туруп текшерсен миллион миллиондогон акчалар чыгат. Карызыбызды ушул чондорго эле толотуш керек. Тооба ар бир чоң кызматка келгенде элди ойлобой биринчи өзү кантип байыш керек ошол жагын карайт экен да.
10.12.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул чиновниктердин эн кедейи болсо керек? Болбосо баары бай ал байлыкты кайдан тапты? Мындай байлыктар баарында бар, жакпай калганын камап койот эл козуно иштеген болуп. Президентен, депутаттан баштап жонокой кызматкерге чейин жеп калайын деп турат чиркин.
10.12.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына чыныгы бомба табылды...
10.12.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бир эле чиновниктин байлыгы ,ага окшогон дагы билинбеген каанча байлыктар көмүскөдө.....
10.12.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул акмакты атып салыш керек кыргыздын мөңгүсүн саткандардын бири
nursultan93 түзөттү 2018-12-10 13:25:02
10.12.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nursultan93, провокациялык маанидеги билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
10.12.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мулкун конфискациялоо керек соссуз.
10.12.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Elmira8084,туура, конфискациялап, каражатты бюджетке жибербей эле Кытайга бн карызды того беришсин четинен. бюджеттен деле жеп коюшат. эми, унуткарып туруп, ч кое берип ийишпесе болду же качырып
Медиа-портал
10.12.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына кыргыздын шору!!
SUPER.KG видео
10.12.2018. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынын арты таза эмес.Элдин акысын шыпырып жеген сугалактар!Башынар сайда калсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: