Ырчы Гүлзат Мамытбек 40 талапка жооп берген миллионер күйөө тапты






Өзүн кыргыздын деми атаган ырчы Гүлзат Мамытбек турмушка чыгат. Мындай билдирүүнү ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу жасаган. SUPER.KG порталы ырчы менен байланышканда ал америкалык режиссёрго турмушка чыгарын айтып, буларга токтолду.
"Мен америкалык режиссёрго турмушка чыгам. Буюрса, үлпөт тоюбуз АКШнын Голливуд районунда өтөт", - дейт ал.
Буга чейин Гүлзат Мамытбек күйөрмандарына кайрылып: "Менин кыялымдагы мырзаны жолуктурууга жардам бергиле. Эгер сен ошондой эркекти жолуктуруп калсаң, ага мен жөнүндө кабарлап кой. Ал деле мени издеп жүргөндүр. Экөөбүздүн табышып калышыбызга себепкер бол!" - деген. Анда болочоктогу жолдошуна 40 талап койгон. Алар:
1. Позитивдүү;
2. Перспективдүү;
3. Койгон максатына умтулган;
4. Шайыр;
5. Күч-кубаттуу;
6. Дайыма жылмайып жүргөн;
7. Бийик максаттарды койгон;
8. Адамдар менен бат тил табышкан;
9. Өзүн жана башка адамдарды сүйгөн;
10. Жардамга муктаж адамдарга кол сунган;
11. Дайыма билим алууга умтулуп, өзүн өстүрүүнүн үстүндө иштеген;
12. Жаш балдарды аябай жакшы көргөн;
13. Келбеттүү;
14. Бою узун (170 сантиметр);
15. Камкор;
16. Берилип сүйгөн;
17. Жакшылыкты билген;
18. Англис жана чет тилдерде сүйлөй алган;
19. Бир нерсени тез өздөштүрүп кете алган;
20. Үй чарбасындагы иштерди жасоого жардам берген;
21. Менин эркиндигимди чектебеген;
22. Мага суктанган;
23. Менин баштаган ишиме колдоо көрсөтүп турган;
24. Акылман;
25. Терең ой жүгүрткөн;
26. Чынчыл;
27. Маданияттуу, сылык (мега маанилүү!);
28. Тыкан;
29. Чыгармачыл;
30. Тамеки чекпеген, алкоголдук ичимдиктерди ичпеген;
31. Жароокер;
32. Кумарлуу;
33. Мээнеткеч, жакшы жыйынтык үчүн иштеген;
34. Жеңилбес;
35. Ишенимдүү жана берилген;
36. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ;
37. Башка адамдардын позициясын жана диний ишенимин сыйлаган;
38. Менден да көп акча тапкан;
39. Жеке ою менен позициясы так болгон;
40. Миллионер болуп, миллион адамга жардам берем деген эркек болушу керек.
кошулду
Ырчы Гүлзат Мамытбек чет элдик режиссёрго турмушка чыгат

Мен үчүн дүйнөдө кайсы аялзаты бактылуу билесиңерби?
Айылдагы эле жолдошу менен он баланы аман-эсен багып ,өстүрүп эрезеге жеткирген эне бактылуу.
Миң миллионер аял бол,миң ийгиликти багындыр акыр аягы өмүр соңунда бир гана жерден агарып-көгөргөн ошол айылдагы он балалуу эненин бакытына жетпейт.Албетте бул менин көз карашым.
Ошондуктан сендейлер кыпчылбасын деп эскертип жаздым менин көз карашым деп баса белгилеп.Кечиресиң го мен айылда жашабайм деле.Шаарда эле мектепти бүтүп,шаарда эле окуп жүрөм.
Мобул эжеке мендейлерге үлгү боло албайт.
Үч баланы арасат жетим калтырып,амеркалык каапырга(мусулманына шегим бар) тийип кеткен мен үчүн бакыт эмес.Ашып кетсе 2 жыл жашайт мындайлар.Анан чыгат мен эркин кушмун,алдыга умтулуп ийгилик багынтам деп.
Улутунду сактайм десен кызына бер тарбия" илгертен демек атан жанылышыптыр сага тарбия берген!