super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга, ала качууга айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча райондук соттун чечими бүгүн, 11-декабрда чыкты.

Соттук процесс Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралды. Анда төрага Санжар Чотонов сот залына келип Бурулай Турдали кызынын өлүмү үчүн айыпталып жаткан соттолуучу Марс Бөдөшов менен Акмат Сейитовго карата чыгарган өкүмүн окуду.

"Соттолуучу Марс Бөдөшов жана "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитовдун иштери менен таанышып, изилдеп чыгып, сот өкүм кылат: Соттолуучулар Бөдөшов менен Сейитовдун күнөөлөрү толугу менен далилденди дейбиз. Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Марс Бөдөшов Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (ала качуу) менен эки эпизоддо тең 7 жылдан жаза мөөнөтүн өтөсүн. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен 18 жылга эркинен ажыратылсын. Жалпысынан тергөө абагында отурган күндөрүн кошуп эсептеп жана Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде белгиленген жазаларды кошуу менен 20 жыл күчөтүлгөн тартипте абакта жаза мөөнөтүн өтөсүн. Жаза мөөнөтүн өтөө 2018-жылдын 28-майынан тартып эсептелсин. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күн катары эсептелсин. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн камакта калтырылсын.

Ал эми "ала качуу" беренеси менен айыпталып жаткан Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылсын. Ал жазасын күчөтүлгөн тартипте абакта өтөсүн. Өкүм күчүнө киргенге чейинки мөөнөттүн 1 күнү 2 күнгө барабар деп эсептелсин", - деди судья Чотонов.

Мындан тышкары доо арыздар боюнча чечим дагы окулду. Буга чейин жабырлануучу тараптан айыпталуучу тарапка моралдык жана материалдык зыян тартканы үчүн 1 миллион сом доо коюлган. Сот бул доону карап чыгып, келтирилген далилдер жана эсеп тизмеси толук болбогондуктан, айыпталуу тараптан орто эсеп менен материалдык зыян үчүн 300 миң сом, ал эми моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 500 миң сом өндүрүү чечими чыгарылды.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.


кошулду





Бурулайдын өлүмүнө айыпталган Марс Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылды

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(47)
11.12.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Бурулайдын атасын дагы бир 17 жылга эркинен ажыратыш керек деп есептейм ач коз кишидей экен акчадеп журуп ушунча нерсеге жеткиргенге туздон туз куноосу бар турдалинин
12.12.2018. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
odin-takoy,Прямой озундун козун мн коргондой суйлопсуннго уже Ким олтургону анык болгону учун ушундай чеччим чыккандыр акыры.
11.12.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Адилетсиз, подстава менен кетти Марсда Акматта.
12.12.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жерде жазгандар баарынар мээнер иштебейт экен, терен ойлонсонор киши олтургон адамды колдоп атасынар. Турдали мырзанын ордунда болсонор анын абалын тушунот эленер. Марсты жакшы адам экенин билгендей жазыпсынар мумкун ал ото начар адам жакшы адам болгондо олтурбойт болчу бир жолун табат эле бул жигит Бурулайга киинда азап корсотмок.Эмне учун жанына бычак салып жургон себеби мурда план тузгон мага буйрубаса союп салам деп. Марстын кесепетинен досу да жон жерден камалып кетти.
12.12.2018. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kgda,эн туура айтасын. Телефондун ар жагында отуруп алышып бошот сун, атасын камашсын дегендер таптаза кок мээлер. Кызын бербесе не экен. Марска ичи чыкбаса бербейм дептир. Атасындай эч киминер кызына куйоалбыйсынар. Атасынын кыйгысын бир озу бир кудай сезбесе эч киминер билбейсинер. Корот элем силердин жакбаган балага кызынарды бергенинерди. Атасындай эч киминер бактылуу болсун деп,ага шакшылык каалай албайсынар. Атасын кунологондорго тан калам кызын жоготуп кан жутуп атса кайра кунолошот
12.12.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIA-TOO, сен ушул соттолуп аткандын таанышы же тууганы болосунго днйм. Кайсыл жерде подстава бар. Олтургону чын болуп ататго. Кимдин башына таш тийиптир буну подстава кылгыдай. Бир кызды олтуруп аркасынан олуп алайн дедиго. Омуру дагы бар экен шору жок олбой калды. Тим эле элге таанымал болсо бир жон подстава кылып бир пайда корушсо экен. Логический деле бул экоонун олуму кимге керек эле. Озу эле олтуруп аягында келесоо болуп билбейм деп атат. Ошол кунду кантип эстебейт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: