super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков КСДПнын айланасындагы жаңжалда аны эмне кейитип жатканын айтты

 

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өтүүдө. Анда ага "шайлоодо 170 миң доллар алдым" деген Алексей Василивецкий тууралуу суроо берилди.

"Василивецкийди биринчи жолу губернатор болуп иштеп жатканда көргөм. Аны мага Апрель окуясы боюнча интервью алсын деп жөнөтүшкөн. Ошондо "муну кайдан таптыңар" деп айткам. Мен анда Василивецкий башка мамлекеттин жараны экенин билген эмесмин. Бул киши Фарид Ниязовдун эң жакын адиси, кеңешчиси болгон.

Кийин премьер-министр болгондо дагы мага телефон чалып, Василивецкийди жакшы адис деп, кеңешчи кылууну сунушташкан. Ага чейин менин эки кеңешчим болгон. Василивецкий болбойт, жарабайт деп айткам. Мен андай кеңешчилерге муктаж эмесмин", - деди Жээнбеков.

"Ал киши шайлоодо 170 миң доллар алдым деп жатат. Жооп берсин да. Штабдын башчысы Фарид Ниязов өзүн тазамын, аппакмын деп жатат. Ал да жооп бериши керек. Күч органдары териштирип жатат. Азыр эң кейигеним, партияга кызмат кылган жөнөкөй балдарды салып берип жатышат. Мисалы, КСДПнын бухгалтери Надира Сатыгул кызы жакшы кыз, мыкты адис. Аны 1996-жылдан бери билем. Бардык шайлоолордо Надира форумдун башында отурган. Өмүрүмө коркунуч келди деп жатат. Муну териштириш керек, мен Надиранын сурак беришине, аман-эсен болушуна кызыкдармын. Ким коркунуч келтирди, эмнеге качты, ким качырды, баарын айтып берсин. Азыр мунун баарын мага шылтап жатышат. Алардын максаты - дүрбөлөңгө салуу, Жээнбековду легитимсиз президент деп тополоң кылып, бийликке келүү. Мен буга жол бербейм. Учурда иликтөө жүрүп жатат, аягына чыгат деп ойлойм", - деди президент.






Сооронбай Жээнбеков КСДПнын айланасындагы жаңжалда аны эмне кейитип жатканын айтты

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: