super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Орусиядагы Кыргыз элчиси алмашарын айтып, бирок жаңы элчи ким болорун айткан жок

 

Элчи Болот ОтунбаевКыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин ордуна башка тажрыйбалуу элчи келет. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Азыркы элчи аракет кылды, жаңы элчиге бардык кызматтарды элчилик алдында бириктирүү тапшырмасын беребиз. Миграция кызматы, ИИМ элчинин астында болуш керек.

Маселе көп. Чет жактарда 800 миңдей мекендешибиз жүрөт. Алардын 640 миңи Орусияда. Максатыбыз - алардын шартын жакшыртуу. Орусия "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча жардам берип жатат", - деди Жээнбеков.

Болот Отунбаев 2016-жылы 9-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.






Өлкө башчы Орусиядагы Кыргыз элчиси алмашарын айтты

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: