super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков: "Кол тийбестик боюнча мыйзам Атамбаевге каршы жазылган болсо, мен каршы болмокмун"

 

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүүдө. Анда экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоору тууралуу суроо берилди.

"Эгер бул мыйзам Алмазбек Атамбаевге каршы жазылган болсо, мен каршы болмокмун. Бирок бул Конституцияга каршы келген жана шейкеш келбеген мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирип жатышат. Бизде Конституциянын, мыйзамдын жана соттордун алдында баары бирдей деп жазылган. Ал эми экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндө мыйзам 2013-жылы кабыл алынган. Ошол боюнча келе жаткан.

Бул мыйзам мага да тиешелүү. Мен дагы президенттиктен кетем. Ар кимибиз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Бир жагы бар: экс-президентти кайсы учурда жоопко тартса болору даана жазылышы керек. Президент кезинде адам көп душман табат. Өч алам дегендер көп болот. Ошон үчүн кайсы учурда жоопко тартса болору даана жазылышы керек. Мен эч кимди жоопко тартпайм, жоопко мыйзам, тиешелүү органдар тартат", - деди Жээнбеков.






Жээнбеков: "Кол тийбестик боюнча мыйзам Атамбаевге каршы жазылган болсо, мен каршы болмокмун"

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: