super.kg logo

Ысык-Көлдөгү 2 жаштагы наристе катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя: баланын апасы тосмо арыз жазган жок

 

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча кылмышка шектелип таежеси 2 айга камакка алынды. Баланын апасы тосмо арыз жазып берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

"Чарчап калган наристенин апасы тосмо арыз жазып берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул окуя боюнча бүгүнкү күнгө чейин милицияга эч ким кайрылган эмес. Кечээ, 25-декабрда сот кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган, бүгүн же эртең 40 жаштагы шектүү СИЗОго которулмакчы", - деди Усубакунов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

23-декабрда болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө жатып чарчап калган. Баланын апасы 21 жашта, ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген.






Сийип койгондугу үчүн сабалган 2 жаштагы наристе чарчап калды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
SUPER.KG видео
26.12.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астаагфируллоох...
27.12.2018. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup alyp,jurogun ooruit da. Kichine bala shymyn bulgap koiso ne eken. Emi kichine bala da,negizi kichine balany sababai dele tarbiyalasa bolot go
27.12.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тырмактай наристеге кантип кол көтөрүшөт э эч нерсени түшүнбөгөн таптаза чүрпө болсо .
SUPER.KG видео
27.12.2018. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чымчыгандан адам олбойт!!! Олгучоле урган.Кудай жазанды берсин илайим! Апасы кеткени аз келгенсип, олоорчо келтек жедида байкуш.(( Таштабагылачы балдарынарды тууган-урука. Ким озундой карайт. Россияда Кыргыздпрдын балдарын садике алып калды азыр туугандар!
SUPER.KG видео
27.12.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы синдимдин эки баласын алып калгам бирок аларды оз баламдай жакшы кором бул Адам сымал айданга АЛЛАХ жазаасын берсин ылайым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: