Кочкордо 30 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды
Кочкор районунда 30 миллион 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура 15-июнда билдирди.Аталган жер тилкеси Чолпон айыл аймагына караштуу Эрсары-Шайтан-Кашар участогундагы жайгашкан. Ал 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.
Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган. Мындан улам жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















