КҮНСОБОЛ: Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?
12-февралда абактагы саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар 2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү менен чогуу кармалып, кылмыш иши ачылып, "бийликти басып алууну пландоодо" деген негизде камакка алынган. Өз кезинде абактагы саясатчылар аларга карата коюлган айыптоолорду саясий куугунтук деп айтып келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулду. Бул бийликтин адилеттүүлүгүбү же элдин көзүн боёо аракетиби?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаров саясий өңүттө камалгандарга токтоосуз түрдө мунапыс жарыялоо керек деген пикирин айтты.
Юрист Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.
Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, эмне үчүн бул бошотулду, тиги бошотулган жок деген пикир туура эмес.
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков Текебаев, Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштыруунун кереги жок деген пикирде.“Менин оюмча, убагы келгенде Текебаев, Жапаров бошотулат. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун бошотулушу жакшы нерсе. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бекболот Талгарбеков - кыргыздын кыйын жигиттери. Жапаров сыяктуу саясатчылар абакта калып, ал эми төңкөрүш уюштурууга айыпталган саясатчылар бошотулганын салыштырып кереги жок. Текебаев, Жапаров жакын арада бошотулат деген үмүт бар", - дейт Жоробеков.
АКУН: "Ар бириники ар башка берене, беренелерине жараша болот"
Мурдагы акыйткатчы Турсунбек Акундун пикиринде абактагы саясатчылардын ар бири ар кандай беренелер менен айыпталгандыктан салыштыруу туура эмес.
"Биринчиден, бул нерсе беренелерине жараша болот. Алар ар кандай беренелер менен айыпталган.
Асанов менен Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Жапаров "барымтага алган" деп, ал эми Текебаев "алдамчылык" боюнча айыпталууда.
Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров акталган жок, алар жаңы кодекстин негизинде болгону мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Алар маал-маалы менен барып катталып турат, бирок соттолгондугу алынбайт.
Өмүрбек Текебаев боюнча президент "ырайым сурап кайрылсын" деди, Текебаев "мен сурабайм" деди. Садыр Жапаров боюнча учурда тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүдөбүз. Аны амнистия боюнча бошотуу боюнча аракеттерди көрүп жатабыз. Амнистия менен чыга бериш керек, анан чыккандан кийин соттошо беришет. Ырайым берүү менен амнистия экөө эки башка, амнистия менен чыгуудан уялбаш керек", - дейт Акун.
Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапарбек Аргынбаев Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдон биринчи камалганын белгиледи.
МЫРЗА: "Кеп саясатчылардын абактан чыгышында эле эмес, алардын акталышында болуп жатат"
Жарандык активист Айбек Мырза саясий куугунтукка туш болгондордун иши кайра каралып, алар акталып чыгышы керек деген пикирин айтты.
"Муну элдин көзүн боёо аракети деп айтса болот. Саясий туткундарды коргоо комитетинин жыйынында биз айткандай эле бардык саясатчыларга бирдей мамиле кылынышы керек. Курултайдын чечиминде да саясатчылардын ишин кайра жаңы ачылган жагдайлар менен карап чыгышы кажет деп айтып жатабыз. Азимбек Бекназаров 2005-жылы Феликс Кулов сыяктуу саясатчылардын ишин кайра каратып, алар акталышкан.
2010-жылы Эркин Булекбаев, Ишенбай Кадырбековдун иши кайра каралып чыккан. Азыр да ошондой иш жасалса бийликтин адилеттүүлүгү болмок. Саясий куугунтукка кабылгандардын ишин кайра каратып, алар акталышса бир жөн. Бирок Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановдун абактан чыгышы алардын иши жаңы кодекстерге байланыштуу болуп жатат. Бул алар өздөрүнүн жазасын алып бүткөндөн кийин чыгышты дегенди түшүндүрөт. Акталганга жатпайт. Ошол эле саясатчылар менен бирге камалып чыккан Дастан Сарыгулов "соттолгон адам катары өлгүм келбейт" деп жатпайбы. Бул жерде кеп абактан чыгууда эле эмес, алардын ишин кайра карап чыккандан кийин акталышында болуп жатат", - деди Айбек Мырза.
кошулду
-1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















