Баткен-Исфана багыты боюнча учак каттай баштайт
Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Баткен-Исфана авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой авиакаттам 16-мартта саат 13:00дөн баштап уюштурулду. Учуу убактысы 30 мүнөт.
Мындан тышкары, Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу дүйшөмбү күнү учат.
Азыркы учурда кыргыз өкмөтү тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз 2 жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү уюштуруу маселеси иштелүүдө.
Аталган авиакаттамдар "Тез-Жет" авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Авиабилеттин баасы: 4 жашка чейин акысыз, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:29
2026-09-24
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео


















Биздин чондор
Анан жердеги маселе кала берсин, биз учуп өтөбүз дегени бул алсыздык.