Кочкордо селден кийинки иштер жана жаңы объектилердин курулушу текшерилди
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районунда социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырды.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, селден кийин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын 5 тилкесинин 4ү тазаланганы айтылды. Калган тилкеге габион орнотуу жана Чу дарыясына багытталган жаңы сел өткөрүүчү канал казуу тапшырылды.
Ошондой эле министр К. Жүндүбаева атындагы 1800 орундуу мектептин курулушунун сапатын текшерди. Мектепти 2027-жылдын ноябрында пайдаланууга берүү пландалууда.
Мындан тышкары Эпкин жана Куйручук айылдарында өрт өчүрүү, тез жардам жана жол кайгуул кызматтары жайгаша турган заманбап комплекстер курулары маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-09-23
19:18
2026-09-23
17:55
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















