Ош шаарында балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы ачылды
Ош шаарындагы А. Масалиев көчөсү, 58 дарегинде балдар үчүн жаңы оюн аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган аймактын жашоочулары буга чейин балдар ойной турган аянтча жок экенин айтып, шаардык мэрияга кайрылышкан.
Жыйынтыгында бул жер жаңыланып, балдар үчүн заманбап оюн аянтчасы түзүлдү. Мындан тышкары, аймакта футбол ойноого ылайыкталган аянтча да курулуп, балдар үчүн зарыл болгон шарттар түзүлдү.
Жаңы аянтча эми жергиликтүү тургундардын балдарынын эс алуусу жана ойноосу үчүн пайдаланылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2026-09-23
19:18
2026-09-23
17:55
2026-09-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















