Аваз Акимов менен Айдана Деканын үлпөт тоюнун кечки бөлүгү өтүп жатат. Келинчек бүгүн тоюнда 3 жолу көйнөк алмаштырат
Бүгүн, 16-мартта Ош шаарынын тойканаларынын биринде ырчы Аваз Акимов менен Айдана Деканын үлпөт тоюнун кечки бөлүгү өтүп жатат.
Залга жаштарды "Жар-жар" ыры менен ырчы Гүлнара Калдарова алып кирди. Тойго эки ырчынын жакын санаалаштары жана чыгармачылыктагы достору Данияр Эрматов, Нурлан Насип, Алмаз Шаадаев, Самара Каримова, Асел Касымова жана башкалар катышууда. Күйөө жолдоштук милдетти Данияр Эрматов аркалап жатат.
Түгөйлөрдүн өкүл ата, өкүл апасы болуп Асан Мансуров менен Самара Каримова тандалган.
Айдана Дека күндүзгү сейилдөөдө кийген көйнөгүн алмаштырып, кечки тойго образын өзгөртүүгө жетишкен. Келинчек бүгүнкү үлпөт тоюнда 3 жолу көйнөк алмаштырууну пландаганын айтат.
1410 Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү тоюнун кечки бөлүгү өтүп жатат
1410 Аваз Акимовдун тоюнда Данияр Эрматов күйөө жолдош дайындалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:43
2026-10-26
8:52
2026-10-25
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Бактылуу болгула!