super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Турдукулов: "Бийликтин "Супер-Инфого" басым жүргүзүп жатканы адилетсиз"

 

“Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси бүгүн, 18-мартта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Буга “ЖМКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калып калган жаңылыш маалымат негиз болгон.

Жарандык активист Адил Турдукулов "Супер-Инфо" жападан жалгыз, ар бир регионго жеткен, таратылган жана абдан окумдуу гезит экени талашсыз деген пикирин айтты.шондуктан анын таасири абдан күчтүү. Учурдагы маалыматтык атаандаштыкка карабастан абдан популярдуу гезитти чыгаруу түйшүктүү. Буга карабай бийликтин басым жүргүзүп жатканы сөзсүз түрдө адилетсиз көрүнүш. Бул саясий өңүттөн болуп жатат, муну ачык эле айтыш керек. Анткени гезит өзү дагы бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы көтөрүп жаткан чакырууда эч кандай маселе жок экенин таратты. Аталган кызматтын азыркы жасап жаткан ишин саясий өңүттөн гана кароо керек. Муну жалпы сөз эркиндигине карата басым деп эсептесек болот", - дейт Турдукулов.






Адил Турдукулов: "Бийликтин “Супер-Инфого” басым жүргүзүп жатканы адилетсиз"

Автор: Жылдыз Джускембаева
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: