super.kg logo

Ак Үйдүн артындагы сүмөлөк базары. Бишкектиктер Ноорузду кандай майрамдашты? (фоторепортаж)

 
Карусельге кезек күткөн

Бүгүн, 21-мартта борбор калаанын тургундары Нооруз майрамын белгилешүүдө. Бишкек шаарында майрамга арналган бир катар иш-чаралар уюштурулду.

"Ала-Тоо" аянтында адам көп, өзгөчө сатуучулар. Тамак-аш саткандар бүгүн Панфилов атындагы сейил бактын айланасын ээлеп, ал жерди базарга айландырышты. Сүмөлөктүн базарына айланган парктын ичинде каруселге түшүүнү каалагандар жана курсагын тойгузгусу келгендер кезек күтүп жатышты.

Сүмөлөк саткандардын капчыгы бүгүн бош кетпесине кепилдик бар. Себеби кичинекей желим стакан сүмөлөк 50 сом болсо, 1 литри 250 сомдон сатылып жатты. Сүмөлөк саткан сатуучунун айтымында жыл сайын чоң казан сүмөлөк кайнатып элге бекер таратылып келген. Бирок былтыр ашып калган 1 чака сүмөлөктү сатып жакшы киреше тапканын ачыктады.

"Канча акча түшкөнүн айтпай эле коёюн, бирок жакшы пайда көргөнбүз. Ошол себептен бүгүн 4 чака сүмөлөк алып келдик, соода жакшы болуп жатат. Ары-бери өткөндөр алып кетип жатат, суроо-талап көп", - деди сатуучу.

Андан сырткары, Курманжан датканын айкелинин жанында дипломатиялык жарманке өттү.








Сүмөлөк, жарманке, улуттук оюндар... Бишкек Ноорузду кандай майрамдады?

Автор: Айжан Нурманбетова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
21.03.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамынар менен Кыргызым. Сагындым силерди.
21.03.2019. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нооруз майрамынар кут болсун кыргыз элим. Нооруз майрам элибизге коптогон жакшылыктарды алып келсин. Токчулук болсун.
21.03.2019. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Майрамынар кут болсун. Бар болобук бай бололук.
21.03.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошкийдеги майда мантылар не корунбойт десе АК уйдун артында турбайбы бугун.....
21.03.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунорду баккыла элим.Кыргызстанымдын жытыыы,Майрамыныздар менен!Мекениме болгон суйуум чексиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: