super.kg logo
  Саясат  

Карамушкина Жээнбековго "билдирүүнү парламентте эмес, "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы өткөрүп жаткан курултайга барып айтуу керек" деп жооп кайтарды

 

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясы жана КСДП партиясы тууралуу билдирүү жасады.

Билдирүүсүндө Жээнбеков КСДП татаал жолду басып өткөнүн айтып, өлкө тагдырын чечүүчү мезгилде алдыда жүргөнүн белгиледи.

"Бүгүнкү күндө КСДП партиясынын тегерегинде орун алган талаш-тартыштар анын көп жылдан бери топтогон аброюна көлөкө түшүрдү. Мен партияга эң оор учурда келгем. 2007-жылы бийликтин өкүмзордугу күч алып, мамлекетибиздин келечегине чоң коркунуч жаралган учурда иш жасаганбыз. Партиянын катардагы мүчөсү гана эмес, бир кездеги КСДПнын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин төрагасы катары мындай иштерге катышканыма сыймыктанам.

Ал эми партиянын төрагасынын жеке таарынычы, жеке амбициясы мамлекеттин өнүгүүсүнө залакасын тийгизбеши керек", - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары ал КСДП партиясынан чыкканын, бирок мандатын тапшырбай турганын билдирди.

Депутат Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековго бул билдирүүнү бүгүн Бишкекте "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы өткөрүп жаткан курултайга барып айтуу керек деген жооп кайтарды.

"Мындай билдирүүнү парламенттин жыйынында айтуунун кажети жок. Бүгүн "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы өткөрүп жаткан съездге барып айтсаңыз жакшы болмок", - деди Карамушкина.






Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбековду сынга алды

Автор: Нургазы Аматов

Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты

Автор: Нургазы Аматов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: