Иса Өмүркулов: "КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда калат"
Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда кала турганын айтты.
“Республика-Ата Журт” фракциясынын көпчүлүк коалицияга кошулганы мыйзамга каршы келбейт. Мыйзамдуу, коалициянын көпчүлүгү иштеп жатат. КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги позициясы тууралуу айтып коёюн. Партиянын ичиндеги окуяларды баарыңыздар көрүп жатасыздар, КСДП экиге бөлүндү. Бул мурунку экс-президентти жана бүгүнкү мамлекетте болуп жаткан иш-чараларды, бийликти колдогондор болуп бөлүндү. Партиянын бөлүкчөсү оппозиция боло турган болсо фракциянын көпчүлүк коалицияда болушуна мыйзам жол берет. КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияда калат. Башка каалаган фракциялар көпчүлүк коалицияга кирсе, чыкса болот. Бүгүнкү күндө көп маселе бар. Ынтымактуу иштеш керек”, - деди Өмүркулов.
Депутат Бакыт Төрөбаев логика боюнча жаңы фракция коалицияга кирсе, өкмөт жаңы түзүлүшү керектигин айтты. "Иса Өмүркуловдун сөзүнөн кийин "Республика-Ата Журт" фракциясы көпчүлүк коалицияда эмес деп түшүндүм. Исхак Масалиев легитимдүүлүк тууралуу айтып жатат. “Республика-Ата Журт" коалицияга кирди. Ал логика боюнча жаңы коалиция болду да. Анда коалиция жаңы өкмөттүн курамын сунушташы керек эле. Коалиция бул фракциядан куралат. Жаңы фракция кирсе, жаңы коалиция түзүлөт. Көпчүлүк коалицияда Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын да белгилеп коюу керек. “Республика-Ата Журт” силер коалициядасыңарбы?" - деди Төрөбаев.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Республика-Ата Журт" фракциясынын көпчүлүк коалицияга кириши мыйзамдуу болгонун айтты. Спикер эгер кандайдыр бир суроолор болсо, тийиштүү жактарга кайрылууну сунуштады.
Буга чейин Исхак Масалиев жаңы коалиция түзүлүп, КСДП фракциясы төрдү бошотушу керектигин айтты.
Иса Өмүркулов: “КСДП коалициядан чыкпайт”

