super.kg logo
  Саясат  

Баш прокурор эң коррупциялашкан мекемелерди атады. Арасында Башкы прокуратура жана Бажы кызматы жок (тизме)

 

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарына эң коррупциялашкан мамлекеттик мекемелерди атады.

Ал Башкы прокуратуранын анализине таянып, мекемелер төмөнкүдөй тизмеде жайгашканын айтты.

  • Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү,
  • Транспорт жана жол министрлиги жана анын бөлүмдөрү,
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция,
  • Саламаттыкты сактоо министрлиги,
  • Билим берүү жана илим министрлиги,
  • Мамлекеттик салык кызматы,
  • Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети.

Жамшитов Мамлекеттик сатып алуулар да өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак экенине токтолуп, аталган кызматта коррупциялык көрүнүштөр жана схемалар көп экенин белгиледи.

Депутат Жанар Акаев эмнеге бул тизмеде Бажы кызматы, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жок экенин сурады. "Эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар жанагы эле 10 миң сом айлык алып иштеген милиция, дарыгерлер, мугалимдер иштеген мекемелер болууда. Ал эми көчөдөгү элдин пикири башкача болуп жатпайбы", - деди депутат.

Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бул тизме бизге түшкөн арыз-даттануулардын, пландык текшерүүлөрдүн негизинде мыйзам бузуучулуктар аныкталган соң ошонун негизинде талданган маалыматка ылайык чыгарылган", - деп жооп берди.






Башкы прокурор Мамлекеттик сатып алуулар - эң коррупциялашкан тармак деп атады

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: