super.kg logo
  Саясат  

Депутат өкмөт башчыга: "Президент сүйлөп жатканда уйкусурап отурган губернаторлорду кызматтан кетириңиз"

 

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Алтынбек Сулайманов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден административдик аймактык түзүмдөр боюнча качан реформалар боло турганын сурады.

"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ашыкча экени түшүнүктүү болду. Президент жыйында сүйлөп жатса губернаторлор уктап жатат. Аларды кызматтан кетириңиз. Эч нерсе чечпеген губернатордун эмне кереги бар?" - дейт депутат.

Өкмөт башчы аймактык түзүмдөр боюнча чоң комиссия иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, комиссиянын мүчөлөрүнүн ар кандай пикирлери болуп жатат. Ал белгилегендей, маселенин бардыгы таразаланып чечилет.

Социалдык түйүндөрдө мамлекет башчы сөз сүйлөп жаткан учурда аткаминерлердин уйкусурап отурган сүрөттөрү жарыяланган.






"Президент сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат" дейт депутат

Автор: Нургазы Аматов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: