Өкмөт башчы: "Ысык-Көлдө уран казылган аймактан техникалар чыгарыла баштады"
Ысык-Көлдө уран казылган аймактан техникалар чыгарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Уран кени боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Кечээтен бери биздин талабыбыз боюнча тиешелүү техникаларды чыгаруу башталды. Учурда да унаа, тракторлорду чыгаруу иштери жүрүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген топ уран кенин чыгарып жаткан ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, Тоң районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрмөкчү", - деди ал.
Учурда өкмөттүн өткөн жылдагы иши тууралуу кеӊири маалымат берген өкмөт башчы депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Өкмөт башчы: "Ысык-Көлдөгү уран кенинде техникаларды чыгаруу иштери башталды"
Автор: Жылдыз Джускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

