Рак оорусунан улам бир көзүнөн, жаагынын бир тарабынан айрылган Баатыр Баназаров каза болду
Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү жана эрининен айрылган Баатыр Баназаров каза болду. Маалыматты маркумдун апасы Саткын Баназарова тастыктап, буларга токтолду.
"Уулум Баатыр 3-майда үйдөн каза болду. 4-майда сөөгүн туулуп-өскөн жери Аксы районундагы Кара-Төбө айылында жерге бердик. Өмүрү ушунча экен, канча аракет кылганыбызга карабай дүйнө салды", - дейт ал.
2018-жылдын январь айында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 35 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн-күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген. Аз убакыт аралыгында Баназаровдун саламаттыгына кайдыгер карабаган адамдардан акча топтолуп, ал дарыгер Азамат Кошалиев менен бирге Индияга дарыланууга барган. Ал жактан операция жасалып, бейтап март айында аман-эсен Кыргыз жерине кайтып келген.
Ал эми 2018-жылдын декабрында Баатыр Баназаров оор абалда Жалал-Абаддагы Кербен шаарындагы ооруканага жатып чыккан.
Рак оорусунан улам бир көзүнөн, жаагынан айрылган Баатыр Баназаров каза болду











1 |