super.kg logo

Жети-Өгүздө көз жарган 15 жаштагы кыз март айынан бери мектепке барган эмес

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көз жарган 15 жаштагы кыз март айынан бери окууга барган эмес. Мындай маалыматты аталган райондун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Максат Асанкожоев билдирди.

Анын айтымында, кыздын апасы класс жетекчиге кызынын буту сынып, Бишкек шаарында дарыланып жатканын айтып, дарыгерден алынган маалым катты алып барып берген.

"Кыз март айына чейин сабакка калбай келип жүргөн. Сабакты орто деген бааларга окучу экен. Мектепке дайынсыз келбей жатканынан улам класс жетекчиси менен социалдык педагог үйүнө барган. Кыздын үйүндө эч ким болбогондуктан, ата-энеси менен да көзмө-көз жолуга алышкан эмес. Кийин апасы телефон чалып, кызынын буту сынганын айтып, дарыгердин маалым катын алып барып берген. Ошону менен мектеп жетекчилиги деле бул окуя тууралуу кабар алган эмес.

Ал эми кыз мектепке 7 айлык кош бойлуу болгонуна чейин келип жүргөн. Анын дене-мүчөсү толмочураак болгондуктан эч ким байкаган эмес. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деди Асанкожоев.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы кыз 6-майда көз жарган. Учурда бул окуяга шектелип кыздын кошунасы сурак берип жатат.






Жети-Өгүздө 15 жашар кыз 20 жашар кошунасынан төрөдү

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: