Махабат Мавлянова анын пикирине "пошла на*уй" деген мэриянын кызматкери тууралуу оюн билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова буга чейин социалдык тармактагы баракчасына "Турмушка чыгып жаткан кыздар көкүрөгү, далысы ачык, чыпташкан көйнөктөрдү кийбесе" деген пикирин жазып калтырган.
Анын бул чакырыгы коомдун талкуусуна алынып, чын эле ачык кийим кийген колукту кайын журтун, улуу кишилерди ыңгайсыз абалда калтырат дегендер болду. Ошол эле учурда эл өкүлү кыздардын, келиндердин эркиндигине, тандоосуна тыюу салбасын дегендер четтен чыкты. Бүгүн, 21-майда депутат айым өзүнүн пикирин видеокайрылуу аркылуу айтып, анын тегерегинде орун алган суроолорго жооп берди.
"Ооба, светтик өлкөдө жашайбыз. Бирок кыргыз элинин улуттук каада салтын, баалуулуктарын, маданиятын сактап калуу ар бир муундун милдети деп билем.
Бул мыйзам долбоору эмес, жаран катары айткан пикирим, кеңешим", - деди ал.
Ошондой эле анын бул пикирине "Пошла на*уй" деген билдирүүнү жазган мэриянын өкүлү Гуля Алманбетова тууралуу да оюн айтты.
"Эгер ал мэриянын ишине өзүнүн салымын кошуп жаткан, ишин мыкты билген кызматкер болсо мындай жоругу үчүн кызматынан кетирбей эле койсо болот. Ал эмоцияга алдырып койду деп ойлойм", - деди Мавлянова.
Депутат "ачык, чыпташкан көйнөк кийбегиле" деген чакырыгын түшүндүрдү
"Колуктулар, ачык көйнөк кийбегиле" деген сөз чуу жаратты















1 |