super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жанар Акаев: "Атамбаевге жасап жаткан чабуулду бардык мыйзамсыз иштерге карата жасашыбыз керек"

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси каралып жатат.

Депутат Жанар Акаев Атамбаев президент болуп турганда бардык каталарын бетине айтканын билдирди. "Мен Атамбаев президент болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок азыр ал президент эмес, күчүн жоготту. Азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, мен үчүн жигиттикке жатпайт. Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан бардык мыйзамсыз иштерде парламент бир муштумдай түйүлүп, адилетсиздикке каршы күрөшсөк ушуга окшогон окуялар болбойт эле. Азыр Атамбаевге жасап жаткан чабуулду бардык мыйзамсыз иштерге карата жасашыбыз керек. Ошондо биз өзүбүздүн эл өкүлчүлүк миссиябызды аткарган болобуз. Атамбаев президент болуп турганда Батукаевдин бошотулушу боюнча маселени карасак болмок да. Шамиль Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди деп жатасыз. Буга чейин орусиялык шылуундун көрсөтмөсү менен Текебаев камакка алынды. Мындай көрүнүш өтө жаман өнөкөткө алып келет. Атамбаевге байланыштуу жеке таарынычтан, өч алуудан өйдө болушубуз керек. Эгерде биз азыркы президентке жардам беребиз десек, өз убагында анын кемчиликтерин айтып турушубуз зарыл.

Азыркы президенттин сотту реформа кылам деген аракеттери чынын айтканда соттор, жергиликтүү бийлик тарабынан ишке ашпай жатат. Соттор өзгөргөн жок. Ар бирибиз Атамбаев саясий репрессия кылган деп айтып чыктык. Эгерде саясий репрессия болгон болсо, азыр Текебаевди бошотуш керек. Ошондо саясий репрессия кылды деп тааныйбыз", - деди Жанар Акаев.






Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну 100 депутат колдоду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: