super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимди Башкы прокуратурага жөнөттү (тизме)

 

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору колдоо тапты. Жалпы 105 депутат каттоодон өтүп, "макул" деп 100, ал эми "каршы" деп 5 эл өкүлү добуш берди.

"Каршы" добуш берген депутаттар:

  1. Ирина Карамушкина
  2. Асел Кодуранова
  3. Анвар Артыков
  4. Альфия Самигуллина
  5. Карамат Орозова

Добуш берүүгө катышпаган депутаттар:

  1. Мухтарбек Айнакулов
  2. Жанар Акаев
  3. Осмонбек Артыкбаев
  4. Данияр Аттокуров
  5. Дастан Бекешев
  6. Акылбек Жапаров
  7. Курманкул Зулушев
  8. Руслан Казакбаев
  9. Мурадыл Мадеминов
  10. Рыскелди Момбеков
  11. Насыр Мусаев
  12. Кубанычбек Нурматов
  13. Зарылбек Рысалиев
  14. Данияр Төлөнов
  15. Чыныбай Турсунбеков.

Эми Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин материалдар кайра Жогорку Кеңештин жана тиешелүү парламенттик комитеттердин кароосуна жөнөтүлөт. Жыйынтыгында Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу же ажыратпоо чечими кабыл алынат.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына төмөнкү депутаттар кирген:

"КСДП" фракциясынан депутаттар - Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар - Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар - Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат - Алтынбек Жунус уулу;

"Бир Бол" фракциясынан депутат - Бактыбек Турусбеков;

"Ата Мекен" фракциясынан депутат - Каныбек Иманалиев.

Комиссиянын отурумунда Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны алтыга кыскартылган. Алар:

  1. Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынганы боюнча;
  2. Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулганы боюнча;
  3. Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин "айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "калктуу конуштардын жерлери" категориясына мыйзамсыз которгону боюнча;
  4. "Дастан" ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алганы боюнча;
  5. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
  6. ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.





Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну 100 депутат колдоду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: