Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Бишкекте бүтүрүү кечелери кандай өттү?



24-июнь күнү мектептерде бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылып бүтүрүү кечелери болгонуна байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, алдын алуу профилактикалык иштерин жүргүздү.
Жалпысынан 10го чукул кафе-ресторандар каралып, бардык жерде бүтүрүү кечелери ата-энелердин жана аймактык милициянын көзөмөлү астында өтүп жатканына күбө болдук.
Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук кызматынын ага лейтенанты Айжан Мыктыбекова профилактикалык иштер бүгүн, 25-июнда да уланарын билдирип, жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгына токтолду.
"Коомдук тартипти сактоого 600дөн ашык милиция кызматкери тартылып, ар бир мектеп имараттары, көңүл ачуу борборлору, парктар жана адамдар көп топтолгон жерлер көзөмөлгө алынган. Бүгүн, 24-июнь күнү саат 22:00дөн 01:00гө чейин жүргүзүлгөн рейдде эс алуучу жайларда бүтүрүүчүлөр ата-энелери менен эс алып жатканы аныкталып, эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок" деди Мыктыбекова.
Мектепти бүтүрүү кечелерине карата рейд өтүүдө


