"Эламанды" ырдап Ибрагим Жунусовду сүйүнткөн Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү






25-июнда Ташкент шаарындагы Мукими атындагы мамлекеттик музыкалык драма театрында ырчы Самара Каримованын жеке концерти аншлаг менен өттү. Эки мамлекеттин ынтымагы үчүн өткөн концертти оркестр коштоп турду.
Ага Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов дагы катышты. Ырчы Ибрагим Жунусовдун "Эламан" аттуу ырын аткарганда элчи кубанганынан ордунан туруп, кол чаап, кубаттап жатты. Самара Каримова өзбекстандык Озодбек Назарбеков, Ботир Кодиров өңдүү ырчылар менен дуэт аткарды. Кыргыз жана өзбек тилиндеги ырлар жаңырган концертте көрүүчүлөр да бийлеп турушту.
Ырчы “Супер-Инфого” берген маегинде "Ташкенттеги концерттен кийин Өзбекстандын Манас айылындагы туугандарга концерт коюп барам" деп айткан.
Озодбек Назарбеков менен Самара Каримованын дуэти
Самара Каримованын Ташкенттеги концерти аншлаг менен өттү
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Кайрат Сарбагышов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:21
2025-06-12

Рейтинг:
7

Ит үрө берет,кербен жүрө берет.
Кыйын аял экенсиң,азамат!