super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте халал азык-түлүктөр жарманкеси өтүүдө

 
Халал товарлардын жарманкеси Спорт Ордосунда болууда
Уюштуруучулардын бири - Мыктыбек Арстанбек
Товарлардын халал экендигин тастыктоочу сертификат
Жарманкеге коюлган бальзамдар
Сатып алуучулар базардагы баалардан бул жарманкедеги баалар арзан экендигин айтып жатышты
Халал торттор
Кыргызстан халал индустриясын өнүктүрүү борбору
Жарманкеге келген эл абдан суусаптыр
Халал шербеттер
Жарманкеге коюлган торт
Жарманкеге халал колбасалар да коюлуптур
Жарманкеге айрымдар муздаткыч да алып келишип, азыктардын сактоо эрежесин бузушкан жок
Кургатылган жемиштерден жана баллдан жасалган шербеттер ден соолукка пайдалуу экендигин өндүрүүчүлөр айтышты
Жарманкеге коюлган кургатылган жемиштер
Халал эттер
Көрсө томат пасталарынын да халалы болот тура
Эт алуу үчүн кезекте тургандар көп болду
Халал эт алуу үчүн кезекте тургандар көп болду
Халал эт саткан бала чарчаган көрүнөт
Ооруну аныктоочу, дарылоочу жабдуу халал экен
Ооруну аныктоочу, дарылоочу жабдуу халал экен. Себеби бул жабдуу менен кишини чечиндирбестен эле, колунун манжасы аркылуу гана диагноз коюлат экен
Жарманкеге коюлган азыктардан ооз тийип көрүү мүмкүнчүлүгү болду
Халал колбасалар жарманкеге көп коюлса дагы, кардарлар өтө көп болуп жатты
Айрым фирмалардын колбасалары муздаткычта сакталбай, азыкты сактоо эрежелери бузулуп жатты
Жарманке Спорт Ордосунун залында болууда
Жарманкеге ар кандай оорулар үчүн медициналык каражаттар да коюлган
Кургатылган жемиштер
Жарманкеге коюлган товарлар
Суусаган бөбөк шербет ичүүдө
Жарманке учурунан
Бала чакты эске салган талкан
Жарманке өтүп жаткан жай ысык болгондуктан, шербет ичүүгө ашыккандар көп болду
Жарманкеден пайдаланып, Спорт Ордосунун алдында кымыз саткандар да болду

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда бүгүн, 8-августта Орозо айт майрамына карата халал азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтүүдө. Жарманкеге эт, сүт, суусундуктар, колбасалар, кургатылган жемиштер,  ар түрдүү медициналык каражаттар коюлуптур. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, муфтияттын өкүлү Мыктыбек Арстанбек бул жердеги товарлар халал сертификатынын талаптарына жооп берерин айтты. "Алгачкы жолу уюштурулуп жаткан жарманкеге 30дан ашуун ишканалар катышууда. Бул товарлардын халал экенин тастыктоочу сертификатты КМДБнын халал комитети берет. Иш-чаранын негизги максаты - кайсы фирмалардын тамактары адал экенин элге көрсөтүү",- деди ал.






Биринчи жолу халал азык-түлүктөр жарманкеси болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: