super.kg logo

"Апта ичинде ашмалтайы чыкты". Бишкекте ачылган жаңы сейил бактагы "жаныбарлардын" жанына барууга тыюу салынды

 

30-августта Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Абсамат Масалиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан сейил бактын ачылыш аземи өтүп, салтанаттуу аземге өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков катышкан.

Сейил бак ачылганына көп өтпөй, ал жерде сүрөткө түшкөндөрдүн саны арбыган. Көп узабай социалдык тармактарга көпчүлүккө күтүүсүз болгон видео жарыяланып, талкууга түшкөнү белгилүү. Анда 2 кыз бири-бирин сүрөп "жашыл жаныбардын" үстүнө чыгып алып сүрөткө түшкөнү тартылган. Ага катар эле интернетке мындай жорук менен сүрөткө түшкөндөрдүн көп экенин көрсөткөн сүрөттөр тарады.

SUPER.KG порталы “Ынтымак” эс алуу багына барып, ачылганына бир апта да өтө электеги абалы менен таанышты. Аз күн аралыгында ал жактагы жаныбардын формасында жасалган топиарлар жакшы эмес абалга келген. Мындан тышкары, жаңы көчөттөрдү сындырып, эс алуучу жайды таштандыга толтуруп кеткен көрүнүштөр болгон. Мындан улам эми сейилдөө үчүн келгендерге топиарлар жайгашкан жерге кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рыспек Сарпашев төмөнкүлөргө токтолду.

Балдар үчүн ачылган топиарларды ачык койгонбуз. Алардын үстүнө чыгып, сүрөткө түшүп, кээ бир тургундар тартипсиздик кылды, аны баары билет. Биз дагы шаардыктардын аталган топиарларга мындай мамиле кыла турганын билген эмеспиз. Учурда ал жак жабык, чынжыр менен тосулган жана “кирүүгө болбойт” деген эскертүү жазуулары илинди. Бул жакка биротоло эле элди киргизбей коёлу деп ойлоп жатабыз. Мындай топиарлар сейрек эле жерлерде бар. Алар атайын балдардын көңүлүн көтөрүп, жакшы маанай тартуулоо үчүн коюлган”, - деди Сарпашев.

Учурда милиция кызматкерлери сейил бакты көзөмөлгө алууда.

Эгер болбой эле тургундар тосмодон ашып кирип, дагы сындырса анда ал адамга чаралар көрүлөт” дейт вице-мэр.






Алты күнгө араң түткөн парк: Эми “жаныбарлар” менен сүрөткө түшкөнгө болбойт

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(16)
05.09.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Касса койуп мингениң Миң сомдон дегенде көрөт элем мингенин
05.09.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Акмакчылык да
05.09.2019. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Жапайыбыз. Аны моюнга алыш керек. Орустар бараны десе таарынып коебуз даны,аларды свинья деп
05.09.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Админ ошондо суроолорунарга кайдан жооп беребиз?
05.09.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
А эми биздин дикийлерге жон койсон уйуно деле суйроп кетет аны,меники болсун,менин уйумдо турсун деп
05.09.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жазабайт дейбиз,жазаса аны минип талкалайбыз.баарыбыз тен эле баягы"государства толоп берет" дегендей мамиле кылабыз го
05.09.2019. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Анан түкүргөнгө штраф кылат деп нааразы болобуз, анын баары өзүбүздүн жапайылыгыбыздан, маданиятсыздыгыбыздан, этиканы билбегендигибизден. Түкүргөн эмес, башка туура эмес баскан турганыбыздан өйдө штраф киргизчүле калкпыз да негизичи
05.09.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Шумдуктуудай калкпызда,россияда да кыргыздар бир жерге иштей албай мушташып ,ушакташып шумдук болушат.Айтсан беттен алып талап кетишет.Мойунга алып,озубузду ондойлу,тарбиялайлы,маданият деген нерсе жок бизде.
05.09.2019. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Туура тосуп койушпаса тытып салат эми. Акмактар эми эмнени минип суротко тушот болдекен... Кочодо тентиген иттер бар ошолорду минип тушсонор болот. Лайк баскандар аябай коп болмок.
05.09.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Малдан айырмасы жок калкпыз да
05.09.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эн туура Россияда иштейм коргондун корбогону курусун ,иш талашып урушуп жаткан,жамандап жаткан бири бирин ,билбейм Билимсиздин ,тарбиясыздын баары ушул Россияга толуп алдык окшойт,
05.09.2019. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тупойлор жакшы жердин баркына жетпеген 5500 айыпты ушундай акмактарга да салгыла коомду сыйлабаган өзүн сыйлап жарытпайт
06.09.2019. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии бир башкача калкбыз озу мойунга алыш керек, 2014-жылы Екатеринбург шаарында Радуга деген чон парк ачылган. Ошол жерге да ушундай жаныбарлар Маша-медведь жасалып койулганын коргом, мындан 2-кун мурда барсам ошолор ордунан да жылбаптыр жакшынакай бойдон турат. Адамдар бирого куно койгончо ар бирибиз озубузду ондойлучу
06.09.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мал болот экен озу Кыргыздар менин омуру гул эгилбеген домдун астына гул отургузсам жулуп салышыптыр бироосун дагы койбой
SUPER.KG видео
06.09.2019. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дуба кылганда бардыгыбыз жалпы кыргыз элимдин пейли онолуп нысап берсин дегенди кошуп журолучу, мумкун онолуп кетээрбиз.
SUPER.KG видео
07.09.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал жерди парк кылбай эле болуп сатып жибериш керек окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: