super.kg logo

Сокулукта ажатканага түшүп кетип каза болгон бир туугандар. Окуянын чоо-жайы (фото)

 
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен "Тез жардамдын" кызматкерлери балдарды куткарууга аракет кылып жаткан учурунан.

28-сентябрда Чүйдүн Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында 7 жана 13 жаштагы эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болгон. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн каза болгон окуучу балдардын мугалимине байланышканыбызда буларды айтып берди.

Маалыматка ылайык, окуучулар Военно-Антоновкадагы орто мектепте билим алышчу. Кырсык болгон окуя күнү алар мектепке келишип, түштөн кийин үйүнө кетишкен.

"Балдардын ата-энеси жумушка кетишкен экен. Болжол менен саат 14.00 чамасында балдар короодо ойноп жүрүп, бир туугандардын кичүүсү ажатканага түшүп кеткен. Мындан улам бир тууган агасы ага жардам берүүгө аракет кылганда, өзү түшүп кеткен. Ажаткана тактайлардан жасалгандыктан, эскилиги жетип сынып кеткен деген божомолдор айтылууда. Айрым маалыматтарда балдардын жардам сураган үнүн кошуна балдар угуп, "Тез жардам" кызматын чакырган дешүүдө. Бирок алар келгенче балдар думугуп каза болуп калышкан. Биз дагы окуучуларыбыздын мындай тагдырына жаман болуп, нес абалда жүрөбүз", - деди маркумдардын мугалими.






Сокулукта ажатканага түшүп кетип каза болгон бир туугандар

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Улук Сулайманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(3)
30.09.2019. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Кайгаңызды тең бөлүшөбүз! Сабыр-канаат тилейбиз ата-энесине! Кандай өкүнүчтүү окуя! Алла Таала алардан да жакшы, акылдуу, элге жерге пайдалуу перзенттерди берсин!
30.09.2019. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өкүнүчтүү, кайран өмүрлөр кыйылып эле атат, кыргызым
01.10.2019. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото окунучтуу, Ата энесине сабыр, наристелерге кудайым бейишинен орун берсин. Биз ошол ажатканага негедир анча конул бурбайт окшойбуз , негизи тубун тактайларын бекем кылыш керек коопсуздук учун же бетондоп салыш керек ал жарге тушуп кеткенден кийин чон киши деле чыга албайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: