super.kg logo

Окуучулар үчүн креативдүү программалоо олимпиадасы. Байге фонду 200 миң сом

 

24-ноябрда Кыргыз өлкөсүндө креативдүү программалоо боюнча олимпиада старт алат. Уюштуруучулардын айтымында, олимпиада Орто Азия боюнча биринчи жолу өткөрүлүп жатат жана ага 1-7-класстын окуучулары катышуу укугуна ээ. Олимпиаданын негизги максаты - программалоо, креативдүү дүйнө, креативдүү экономика тармагына жаш өспүрүмдөрдү кызыктыруу жана алардын шыгын, жөндөмдөрүн ойготуу болуп саналат.

Бүгүн, 20-ноябрда "Супер-Медиа" маалымат борборунда долбоорду демилгелегендердин, тагыраагы, "Code Generation" программалоо мектебинин башкы директору Санжар Маматов, "Good Solutions Group" маркетинг агенттигинин башкы директору Зафарбек Сулайманов, долбоордун менеджери Лейла Казакбаева жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун адиси Нурзат Жээнбаеванын катышуусунда маалымат жыйын өттү. Маалымат жыйында олимпиадага катыша турган окуучуларга кеңештер, билдирме толтуруунун жолдору жана башкалар тууралуу сөз болду.

Аталган олимпиада өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өткөрүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымдарында, буга чейин алар олимпиаданын алкагында катышуучуларга масстер-класс, окутууларды акысыз жүргүзүшкөн. Программалоо тили "scratch" болуп эсептелинип, каттоо ушул жылдын 22-ноябрында аяктайт.

Ал эми олимпиаданын биринчи туру 24-ноябрда болот.

"Биринчи тур онлайн түрүндө өтмөкчү. Олимпиада тесттик суроолордун негизинде түзүлгөн. Буга чейин олимпиадага катышуу үчүн 400 окуучу катталды. Алардын ичинен 120 окуучу финалдык баскычка өтөт. Финалдык этап 8-декабрь күнү болот. 2019-жылы олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн гана окуучулары катыша алат. Себеби катышуучулардын көпчүлүгүн Бишкек шаарынын окуучулары түзөт жана ошол эле учурда аймактагы катышуучулар үчүн дагы мүмкүнчүлүк чектелген эмес. Кыргыз өлкөсүнүн кайсы тарабы болбосун каалоочулар онлайн түрүндө катыша алат.

Окуучулар белгиленген анкетаны толтуруп, катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Окутууга жетишпей калган окуучуларга биз акысыз окутуу материлдарын жөнөтө алабыз. Менин оюмча, окуу материалдары менен таанышкан окуучу сынакка бир-эки күндө даярданса болот. Суроолор окуучулардын деңгээлине жараша, өзгөчө жөнөкөй форматта түзүлгөн. Ошондуктан катышуучулар суроолорду кыйын деп ойлобошу керек.

Олимпиаданын белек берүү фонду түрдүү категориялар боюнча 200 миң сомду түзөт. Ошондой эле бул тармактын адистери, серепчилери калыстык кылып, кызыктуу олимпиада боло турганы күтүлүп жатат. Биздин негизги максатыбыз - креативдүү экономика тармагына жаштарды шыктандыруу экенин айткым келет. Ал эми 2020-жылдын жаз айында бул сынак Орто Азия мамлекеттеринин деңгээлинде өтөт. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын окуучулары катыша алат", - деди "Good Solutions Group" маркетинг агенттигинин башкы директору Зафарбек Сулайманов.

Уюштуруучулар ата-энелерге кайрылып, балдарын жакшы, натыйжалуу долбоорго катышууга чакырды. Алар бул тармактын абдан кызыктуу, пайдалуу, келечеги бар жана жаштарга инновациялык билим берүүгө багытталганы менен түшүндүрүштү.

Катталып, катышууну калагандар 0(771) 02 22 76 номерине чалып маалымат алса болот.






Креативдүү программалоо боюнча окуучулар арасында өтө турган олимпиада тууралуу маалымат жыйын өтүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: