super.kg logo

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун алдында сот системине нааразы болгондордун митинги өтүп жатат

 

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунун алдында соттун акыйкат чечимин талап кылгандар нааразычылык акциясына чогулду. Алар ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча камалгандарга карата акыйкат чечим чыгаруу талабын коюп жатышат.

Чогулгандар Кыргыз өлкөсүндө сот реформасы жүргөнүнө карабай, соттук системде өзгөрүү байкалбай жатканын айтып нааразы болушууда.

Нааразычылык акциясына келгендердин арасынан Гүлбара Байтикова элдин үнү жетинчи кабатка жетпей жаткандыктан, адилеттүүлүк үчүн митингге чыгууга туура келгенин айтты.

"ЖЭБ боюнча сотко бир жарым жылдан бери катышып келе жатам. Анда жактоочулардын, күбөлөрдүн айткандары боюнча камакта отургандардын айыбы далилденген жок. Андай факты дагы табылган жок. Эгер Бишкек ЖЭБи өз учурунда модернизацияланып калбаганда, мындан дагы чоң авария болмок. Ошондо 386 миллион эмес, 386 миллиардга дагы ЖЭБ ордуна келмек эмес. Демек, ЖЭБ эң жакшы бүтүп, иштеп жатканы үчүн жалпы шаардыктарга үзгүлтүксүз жылуулук берилип жатат. Бул жакта камалып отурган балдардын баары эл үчүн кызмат кылгандар деп ойлойм. Мисалы, Сапар Исаков ЖЭБ долбоорун ишке ашырып жатканда, 20 саат иштеп, 4 саат гана уктап, иштегенин отурумдан уктук. Азыркы болуп жаткан кырдаал азыркы өкмөттүн туура эмес иши деп эсептейм. Мен эле эмес, бүткүл эл бүгүнкү сот системине нааразы болуп жатканын угуп келе жатабыз. Бул жакта отурган 8 адамдын тең күнөөсүз экени фактылар менен далилденди. Ак ишти, саясий куугунтук кылып жатышат", - деди ал.

Мындан тышкары, нааразычылык акциясынын катышуучулары камакта отургандарды социалдык тармактар аркылуу жамандап, жалган сөздөр тарап жатканын айтышты.

Маалым болгондой, сыртта акция өтүп жатканда, имараттын ичиндеги ЖЭБ боюнча отурумга катышкандар арасында дагы соттук процесстин жүрүшүнө нааразы болгондор чыкты. Алардын айтымында, отурумга келгендерди коридорго турууга уруксат бербей, 5 мүнөттүк тыныгуу учурунда дагы сыртка чыгарып салып жатышкандыктарын айтышты.






ЖЭБ соту: Айыпталуучулардын жакындары соттон акыйкат чечим талап кылышууда

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
05.12.2019. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туугандар деле 111 миллионго оозу тийгенби эмне баары чогулуп алган. Же калганы болсо үмүт этип турушабы?
05.12.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ТВЕАны терен иликтеп коомго айтып анан кабыл алса болмок.Тажиктердин шорун шорподой кайнатып жатат.
05.12.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Митингге чыккандар кантип жегичтерди коргоп жатасынар? Же 111млн.ду болушуп жединер беле? Акыйкаттык болгону учун ТЭЦ жарылып, куноолуулор сот залынын торундо отрушуту да
altyn-kumush түзөттү 2019-12-05 12:41:32
05.12.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу соттор булар аз эле акча жеген 111 млн доллар акчада акчабы
05.12.2019. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооронбайдын доору ото бир начар болду. Соке кетсин.
05.12.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996, Сооронбай ит эле кылды окшойт ууру туугандарынды
05.12.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
386 миллиардга 386 ЖЭБ бутмок жанысы ойлонуп суйлодунбу 386 миллиардга да бутмок эмес деп
05.12.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчаны жеп атканда жок дегенде ушул туугандарын ойлоп койушса болмок. бул байкуштар суука карабай жегичтерди колдоп чыгыптыр, тууган да... а жегичтер жеп жатканда буларды ойлоду бекен?! булардын да, булардын балдарынын, биздин, сиздин наныбызды тартып жеп алды го, шумшуктор! коп жылга кесилсин, болбосо булар чыгып алышып дагы уурдашат!
05.12.2019. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дежурныйлар чыккан экен да митингге 111 миллионду толосун анан чыга берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: