Президентке болгон даттануу... Башкы сот Чүй облустук сотунун судьяларына ачууланды (видео)
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев Чүй облустук сотунун судьяларын президент Садыр Жапаровго Тогуз-Тородогу эл менен жолугушуусунда айтылган даттануу үчүн жемеледи.
Сатыев иштин жети ай каралганын жана бир милиция кызматкерин сотко жеткирүүнүн кечиктирилишин сынга алды.
"Эмне үчүн соттун мажбурлап алып келүү боюнча чыгарылган токтому бир жолкусунда эле аткарылбайт? Эмнеге 3-4 жолу чыгышы керек. Эмне үчүн бир ишти жети ай созуп карап жатасыңар? Мына, биз өзүбүз болбогон бир ишти бир жылга жакын карап жатабыз. Анан ким бизди жакшы дейт, айтыңызчы? Чүй облустук сотунун төрагасы сиз эмне үчүн ушундай көрүнүштөргө жол бересиз? Тымпыйып отурасыз?!"- деди ал сот тутумунун 9 айлык ишмердүүлүгүн талдоо учурунда.
Эске салсак, өлкө башчыга даттанган жигит, атасын жол тескөөчүгө 2000 сом пара сунуштады деген негизде эки жылга камап койгонун айткан.
Президентке болгон даттануу... Башкы сот Чүй сотунун судьяларына ачууланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















