Сүйүнчү! 31-декабрда өлкөдө 261 ымыркай төрөлдү
31-декабрда өлкөдө 261 ымыркай төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, алардын 133ү эркек, 128и кыз.
"31-декабрда алгач Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө салмагы 3 килограмм 780 грамм болгон кыз төрөлдү. Андан кийин Кара-Суу районунда эркек бала 3 килограмм 290 грамм салмакта төрөлдү.
Бишкек шаары боюнча жалпысынан 68 ымыркай төрөлүп, алардын 34ү эркек, 34 кыз. Республика боюнча Бишкекте, Ош шаарында жана Ысык-Көлдө эгиздер төрөлдү.
Сутка ичинде эң көп төрөлгөн аймак Жалал-Абад облусу болду. Анда жалпысынан 80 бала төрөлдү", - деди басма сөз кызматынан.
Жагымдуу кабар! Жаңы жыл түнү өлкөдө 261 ымыркай төрөлдү
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Өмүрлүү болушсун.
Кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болсун.