super.kg logo

Маркумдун артында 2 баласы калды. Жалал-Абадда милиция кызматкери бычактан алган жаракатынан улам каза болду

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкери киши колдуу каза болду. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кырсык тууралуу билдирүү 1-январь түнү саат 04:15 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Ф.Байназаров тарабынан түштү. Анда райондук ооруканага "Тез жардам" кызматы менен сол көкүрөгүнөн учтуу нерседен жаракат алган 30-35 жаш чамасындагы эркек кишинин алып келгени маалымдалды.

Териштирүү учурунда окуя Арал айыл аймагынын Орто-Сай участкасында орун алганы белгилүү болду. Анда Базар-Коргон районунун М.А. жана А.Б. аттуу тургундарын көчөдөн бейтааныш 2-3 бала уруп койгон. Мындан улам жабырлануучулар айылдаш агалары, Ноокен РИИБинин кызматкерлери Абылов Майрамбекке жана Рахманалы уулу Улукбекке телефон чалып, балдар уруп койгонун, талаада качып жүргөнүн билдирген. Чакыруу болгон жерге алгач Майрамбек Абылов милиция кызматкери катары өз милдетин аткаруу үчүн барып, кол көтөргөн балдарды табат. Ал окуянын чоо-жайын сурап жатканда кармалгандардын бири качып кетет. Артынан чуркап барып кармаганда, шектүү милиция кызматкеринин сол көкүрөгүнө бычак сайып жибергени аныкталды.

Абылов Майрамбек 30-декабрь күнү Ноокен РИИБинде нөөмөттө туруп, 31-декабрь күнү эс алууда болгон.
Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Базар-Коргон районунун 1994-жылы туулган С.Ш. аттуу тургуну кылмышка шектүү делинип кармалды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дейт басма сөз кызматынан.

Каза болгон милиция кызматкери тууралуу маалымат:

Милициянын сержанты Абылов Майрамбек Тынычбекович 1989-жылы туулган. Базар-Коргон районунун тургуну, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. 2013-жылдан бери укук коргоо органдарында кызмат өтөп келген.

Жалал-Абад ОИИБи маркум Абылов Майрамбектин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






Жалал-Абадда милиция кызматкери киши колдуу каза болду

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
01.01.2020. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бейишин берсин,ата-эне Бир туугандарына сабыр тилейм.
02.01.2020. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир адамга ыйман берсин. Жакындарына сабыр тилейли. Балдары атасыз калганы өкүнүчтүү.
02.01.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Absamat-90,Кудайдан каза болгон милиция кызматкери үчүн ырайым сурайлы.
02.01.2020. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам олтуруу аябай кобоюп кетти.Обычный не судимый болбогондор да оной эле олтуруп атат.
02.01.2020. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен президент болгонумда Жалал Абадды өтө катту көзөмөлгө алмакмын!!!
02.01.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нөөмөттө болбосо, анда эмнеге барды?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: