super.kg logo

"Каза болгон аялынын кан кийимдерин чечип, жуунтуп коюп, кошуналарын чакырган". Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон келиндин окуясы

 

Өткөн аптада Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылган. Анда 2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында Кочкор РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Билдирүүдө Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, келин каза болуп калгандыгы айтылган.

Бул окуя боюнча үй-бүлөнүн айылдаштарына байланышканыбызда, аты-жөнүн атагысы келбеген маркумдун айылдашы төмөндөгүлөрдү айтып берди.

"Маркум 1983-жылы туулган. Жолдошу андан бир жашка улуу. Келиндин мурунку никесинен 1 уул, 1 кызы бар болчу. Азыркы жолдошу экөөнүн дагы 1 кызы жана 1 эркек баласы бар. Кырсык болордон 2-3 ай мурун маркумдун жолдошу кант диабетине кабылганын билип, намаз окуп жүргөнүн укканбыз. Жаңы жылга жакын спирт ичимдигин ичип алган экен.

1-январь түнү маркум менен жолдошунун ортосунда жетпеген турмуш, акчанын тартыштыгынын айынан уруш чыккан экен. Ошондо жолдошу мастыгы менен моюнуна аркан илип, жубайын өлөм деп коркутуптур. Келин ал нерсеге жол бербептир. Күйөөсү кызуу кандуулук менен "өлгөнгө мүмкүнчүлүк бербейсиң" деп аялын үбөлүк менен башка чапкан экен. Келин ошол эле жерден мерт кеткенин кийин дарыгерлер аныкташкан. Күйөөсү каза болуп калган аялынын кан болгон кийимдерин чечип, келинди жуунтуп коюп, кошуналарын чакырган. Кийин милиция кызматкерлери келгенде, үйдөн арак жана келиндин кан болгон кийимдери табылган. Ал эми балдары ошол маалда келиндин төркүнүндө болгон. Ага чейин келин күйөөсү арак ичип алганына нааразы болуп, балдарын ээрчитип төркүнүнө кетип калыптыр. Бирок ошол каргаша болгон түнү келинди жолдошу чогуу конокко барып келели деп чакырып алыптыр.Үйгө келгенде жубайлар ортосунда акча тууралуу уруш чыгып, бул окуя катталып жатат. Келин таттуу токочторду жасоочу жайда иштечү. Ал эми жолдошу ар кимдин жумушун жасап берип жүргөн, иштерман эле бала болчу", - деди айылдашы.

Учурда келиндин күйөөсү камакта. Тергөө жүрүп жатат.






Кочкордо 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүнөн табылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
08.01.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жалко экооно тен (((
Келиндин жаткан жери жайлуу болсун, бирок эн окунучтуусу балдары кантет эми (((
08.01.2020. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргыздын жигиттери не болуп баратат?
08.01.2020. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
JaneEr,жигит деп айтууга болбойт мындай адамдарды
08.01.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жазбайсынарбы дагы туштуктон же оштуктар деп?! Тообо кылдым негизи кыргыздан ыйман кетип баратат!
08.01.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eliza-Arapbaeva,силер жазасыңар да эми?
08.01.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Eliza-Arapbaeva,доооорубочу
08.01.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кеп тундук туштукто эмес. Ар тарраптан жаман кабар кунуно беш жолу чыгат. Аялдар болуп корбогондой зордук зомбулукка кабыла баштады. Бул чети эле окшойт деп ойлоп атам. Олуп калып ,айла жок билинип атат элге. Билинип билинбей таяк жегендер толтура. Алсыз эркектер. Кучун аялдан чыгврган
08.01.2020. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кайран гана келин((Жаткан жери жайлуу болсун.Жолдошун олумдон сактап,озу ошол эле жолдошунун колунан жан берди.Эркектерибизге Аллахым журогуно хидаят эле берсин да.Буйруса баарыбыз жооп берчу кун жакын.Аманатка кыянат кылган эн начар адам.
Crokus түзөттү 2020-01-08 21:50:26
09.01.2020. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын бир гана жинди суунун айынан балдар жетим калууда. Ушул арам экенин жана жакшы ишке алып барбарын билип туруп неге иче беришет кудай озу ыйман берсин.
09.01.2020. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу жерден да трайбалисттер олуп-талып болуно калайын деп жатабы
09.01.2020. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыздар, ичкен кыргыз эркектерине турмушка чыкпагыла. Андан коро акыл эси соо, аялын барктай билген башка улутка тийгиле. Намаз окуйм десе укмуш адам элестетпегиле. Эч болбосо турмушка чыгаарда брачный договор тузгуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: