super.kg logo

Караколдо күйөөсү бензин чачып өрт коюп жиберген келиндин бети, манжалары жана буту күйгөн (фото)

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарандык никедеги жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Бул тууралуу облустук оорукананын башкы дарыгери билдирди.

"Келин учурда дарыланып жатат. Анын абалы турукташып калды. Анын манжалары, буту жана бети күйгөн", - деди дарыгер.

4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Торгоев көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайларынын биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү жүргүзгөн. Анда Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. 35 жаштагы жарандык никедеги жолдошу Ч.Н. менен уруша кеткен. Анда күйөөсү аялынын бетине бензин чачып, күйгүзүп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган. Аталган факт Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми келиндин жарандык никедеги күйөөсү Ч.Н. милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.






Күйөөсү бензин чачып өрт койгон келин окуя тууралуу айтып берди

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
11.01.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар эч нерсе кылалбайбыз дегени эмнеси тообо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: